Мирбек Атабеков пиджагын белекке берди (видео)

Теле алып баруучу Урмат Борченов өзүнүн «Борченов шоу» аталышындагы жаңы долбоорун күйөрмандарга сунуштап келет. Анын бул жолку чыгарылышынын коногу КРнын эмгек сиңирген артисти, ырчы Мирбек Атабеков болгон.

Берүүнүн соңку мүнөттөрүндө ырчы мырза күйөрмандардын суроолоруна жооп берди. Тамашоучу Миңжылкы Асылбеков «Кечээ кечинде түш көрдүм. Түшүмдө сиз мага сырткы кийимиңизди чечип берип жатыпсыз», — деди. Атабеков тамашоучунун суранычын аткарып, пиджагын белекке берди

Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктап жаткандагы акыркы маалымат жыйынында журналистке кол саатын белекке берген болчу.

БУЛАК: ZAMAN.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу