Мирбек Атабеков Камшат Жолдыбаева экөө кантип жолуккан?

Кыргызстандагы белгилүү ММКларга берген маегинде КР Эмгек сиңирген артист Мирбек Атабеков өзүнүн чыгармачылык жолунда он беш жылдыгы, үй-бүлөсү тууралуу жана коомчулукка ар кандай пикир жараткан казак ырчысы Камшат Жолдыбаева экөөнүн ыры тууралуу айтып берди.

Казак ырчы кыз Камшат Мирбекке “жакшы ырларың болсо алмакмын” өзү жазыптыр.Буга чейин Мирбектин 50дөй ыры казакчага которулуп, хит болгон. Ошондон кийин Камшат менен жолугуп, баарлашып, чогуу ыр жаратышкан. Ыр жөнөкөй эмес,“бум” болушу керек деген сунуш казактардан болгон. Анткени алар деле окшош контенттен, продукттан тажап калышкан экен.

Клипти тартууда 50дөй адам катышып, каскадерлор, актерлор да катышканын айтат Атабеков.

Ошентип, коомчулукка чындыгында эле “бум” жараткан ыры, клиби менен жарыкка чыккан.

Бул ырдын клиби жарыкка чыкканда Кыргызстандагы Мирбек Атабековдун күйөрмандары “Аялы кантти экен?” “Мирбек аялынын көзүнө чөп салып жүрөт” жана башка ушул сыяктуу сындарды айткан эле. Ал эми Мирбек үй-бүлөсүн, аялын баарынан биринчи орунга коерун маегинде маалымдама берди.

БУЛАК:.zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу