Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим кандай келин?

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артистти, ырчы Мирбек Атабековдун жубайы, бизнес-леди Мээрим Толепберген өзүнүн кызыктуу сүрөтүн күйөрмандары менен бөлүштү.

“Мындай сүрөттү менин 70 пайыз күйөрмандарым күткөн. Мынакей менин келин болгон сүрөтүм. Кичи мекенибиз Таласта болдук, ырдагыдай абдан керемет кооз жер. Жон-Арык айлынын тургундары ыраазы болушту”,-деп жазды Мээрим Атантаева.

Эскерте кетсек, Мирбек Атабеков үй-бүлөсү менен 25-июнда Талас облусунун Жон-Арык айылында атасын эскерүү концертин өткөргөн. Кеченин коноктору Канай Анаркулов, Нурлан Насип, Бек Исраилов, Толгонай Арзыкеева, Өмурбек Андарбековдор болушкан. Ырчы белгиленгендей, эгерде атасы Бообек тирүү болгондо 60 жашка чыкмак.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу