Мирбек Атабековдун апасынын үйүнө ууру түшүп 60миң доллар жана алтындарын уурдап кеттиби?

Ырчы Мирбек Атабековдун апасын белгисиз адамдар ур-токмокко алып, 60 миң доллар акчасын уурдап кетишти деген маалымат жалган экенин Атабековдун менеджери Адил Урдунов элдик.медиа порталына билдирди.

“Жалган маалымат тарап кетти. Бул тууралуу жазбай деле койсоңуз болот. Андай окуя болгон жок”, – деди ырчынын менеджери.

Ал эми Бишкек шаардык милициядан бул фактынын катталгандыгын тастыкташты.

6-майда Октябрь райондук ИИБна А.Д.аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ага ылайык 5-майдан 6-майга караган түнү саат 1.45тер чамасында бет капчандар үйгө кирип зордук менен 60миң доллар акчалай жана алтын-зер буюмдарын тоноп кетишкен.

Бул окуя боюнча “талап-тоноочулук” беренеси менен кылмыш иши козголуп бүгүнкү күндө иликтөө иши башталды. Кылмышкерлер учурда активдүү изделүүдө.

БУЛАК: akipress

Аргумент.kg
Жооп калтыруу