Мирбек Асанакунов депутат аялына таянып каалаганча тайраңдады

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакунов Атамбаевдин кадры экенине карабай, былык-чылыктары чыкса деле баштагыдай иштеп жатканына таңгалгандар көп.

Ал тургай улам бир кылмыш иши ачылса элке, эми каммалат окшойт деп анын каршылаштары тымызын сүйүнө башташат экен. Алардын кубанычын заматта жоготуп, Мирбек Асанакунов “керектүү кишилер менен сүйлөшүп койдум” деп келе берет экен. Бул неге мынча тайраңдайт деп таңгалып жатсак сырдын түйүнү чечилгенсиди.

Көрсө, анын КСДПдан депутат болгон жубайы Гүлүкан Молдобекова “КСДП Атамбаевсиз” деген топту каржылайт экен дешет андан кабары барлар. Аялына ишенген Мирбек Асанакунов күнөөсү далилденсе да, козголгон кылмыш ишти капарына албай, тиешелүү кишилер менен сүйлөшүп коюп, суудан кургак чыгып кетүүнүн жолун издеп жүргөндөй. Таанышы күчтүү болгон күндө да Мирбек Асанакуновдун иши иликтениш керек. Аялы “КСДП Атамбаевсиз” деген топту каржыласа эле, ага аяр мамиле болбошу керек. Ошондой эле мыйзам баарына бирдей болушу шарт.

Анткени, Атамбаевден азыркы президентке өтө качты деп аларды аябаш керек. Биринен экинчисине оңой эле өтө качкан саясатчылардан жакшылык деле күтпөшүбүз керек. булар жеке кызыкчылыгы үчүн азыркы президентти деле оңой эле сатып кетишет.

Башкача айтканда, Кыргызстан профсоюздар федерациясындагы мыйзамсыз иштери көз жаздымда калбашы керек.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу