Министр Нурбек Мурашевди эбак эле жумуштан айдаш керек эле…

Жыл башында айыл чарба министри Нурбек Мурашев дыйкан-фермерлерге кайрылып, «келаткан жазда картөшкөнү көбүрөөк айдагыла, мурунку жылдагыдай болбойт. Жакшы баада коңшу Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрунө саттырып берем» деген сөзү коомчулукту дагы бир жолу ойго салды. Бул боюнча академик Жамин Акималиев менен ЖКнын экс-депутаты, учурда фермер Өмүрбек Абдрахмановго кайрылып, оюн угуп көрдук.

Жамин Акималиев: «Министр маселени түшүнбөгөн жигит экенин даана көргөзүп койду»

– Жамин ага, айыл чарба министринин картөшкө тууралуу элге кайрылуусун уккандырсыз. Сиздин ойду уксак дедик эле?

– Айыл чарба министрлиги, анын жетекчиси Нурбек Мурашев быйылкы жылга дагы айыл чарба өсүмдүктөрүн жайгаштыруу боюнча туура эмес сунуштарды айтып атат. Мисалы, картөшкөнү былтыр 84 миң 500 гектар жерге септирип, бир жарым миллион тонна түшүм алып, анын теңине жакыны сатылбай чирип, жоголуп, дыйкандар ушу кезге чейин азап тартып атышат. Эми быйылкы жылга «80 миң гектар жерге картөшкө эккиле, мен баарын камсыз кылып, жакшы баа менен сатып берем» деп үгүттөп, сунушун расмий түрдө берди. Бул өзү маселени түшүнбөгөн жигит экенин даана көргөзүп отурат. Мыкты адис бир жолку кетирген катасынан жыйынтык чыгарат. Бүгүнкү күндө 200 миң тонна картөшкө сатылбай турат экен. Эми кайрадан элдин башын айлантып атат.

– А бизге анда канча тонна картөшкө жетмек?

– Чындыгында, бизде элдин саны 6 миллион. Илимий негизде чыгарылган физиологиялык норма боюнча бир кишиге бир жылда жүз килограмм картөшкө кенен жетет. Демек, бизге 600 миң тонна жана уругу менен кошкондо 750 миң тонна картөшкө жетмек. Эгер Нурбек акылдуулук кылса, картөшкө дей бербей буудай сепкиле десе болбойбу? Дагы кызыгы, кант кызылчасынын ордуна соя (буурчак), гречиха сепкиле деп атыптыр. Кыргыз май менен эт жебесе өлүп калат да. Сояны жесе ичи көбөт. Мен өкмөткө таңгалам, ушундай иштерди көрүп, байкап отуруп, кайдыгер мамиле кылып, билмексенге салып койгонуна. Нурбек Мурашевди эбак эле жумуштан айдап, анын ордуна иштин көзүн билген мыкты адисти таап иштетсе болмок да…

Өмүрбек Абдрахманов: «Бир жолу мыкты сапаттагы картөшкөнү көрбөдүм»

– Деги эле айыл чарба министри дыйкандарга «тигини сеп, муну сеппе» деп айтканы туурабы?

– Министрдин «муну эк, муну экпе» деп айтканы туура эмес. Дыйкандар деле келесоо эмес, алар базарга карап иш кылышат. Бирок, министр айыл чарба продукциясынын быйылкы жылга карата конъюнктураны, рыноктогу абалды мониторинг кылган пикирин гана айта алат. А эгер башка мамлекеттер менен келишими болсо, анда анын сапат боюнча талаптарын, сүйлөшүлгөн баасын айтса болот.

– Сапаттары да жогору болуш керек да?

– Айта кетчү нерсе, бизде жогорку сапаттагы картөшкө өндүрүлбөсө керек. Мен Бишкектеги «Фрунзе», «Глобус», кээде базардан картөшкө алып калам, бир да жолу мыкты сапаттагы картөшкөнү көрбөдүм. Баары таза эмес, оорулуу же курт жеген, сырты таза, ичи чирик болуп калат. Мына ушул ишти министр колго алып, четке чыга турган евростандарттагы картөшкө сатканга жетишсек мыкты болмок. А мага окшогон фермерлер менен азыркы министрдин иши деле жок.

– Дыйкандарга айтчу кеңешиңиз барбы?

– Жок деле. Айта кетчү нерсе, азыр евростандарттагы продукция болбосо экспорт кылуу өтө кыйын болот. Мисалы, менин евростандарттагы алмамды Россиядан келгендер дүңүнөн сатып алып кетишти. Дыйкандар бул багытта иш алып бара турганы болсо, мага кайрылсын. Билген нерселеримди айтып, болушунча жардам берем.

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу