Министр: «Кылмышты жашыруу азайды»

Сооронбай Жээнбеков 1-февралда  Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды.

Министрдин айтымында,  2019-жылдын январында 10 миңден ашуун кылмыш жана жосундар катталса, өткөн жылдын январында 2 миңге чукул кылмыш катталды. Бул кылмыштын баарынын бирдиктүү реестрге киргизилир, натыйжада кылмыштарды жаап-жашыруу азайганына байланыштуу болууда.

Министр ошондой эле коомдо чоң талкуу жараткан, анын ичинде милиция кызматкерлери да айыпталып жаткан кылмыштар жөнүндө маалымат берди.

«Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасындагы кылмыштардын бетин ачуу көбөйдү, бул коррупция менен күрөштүн жана ИИМдеги реформанын жыйынтыгы», — деди министр.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктар ички иштер органдарынан кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү олуттуу жыйынтыктарды, тартип жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча натыйжалуу иш-аракеттерди күтүп жатканын белгиледи.

Мамлекет башчы ошондой эле ИИМдин жол коопсуздугун камсыздоочу бөлүктөрүн реформалоого багытталган иш-чараларды жүргүзүүнүн маанисин белгиледи.

Бул маалыматты Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматыныкы.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу