Министрдин кымбат автоунаасы өкмөттүн гаражына киргизилди

Саламаттык сактоо министринин кымбат автоунаасы өкмөттүн гаражына киргизилди.

Бул маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова 31-январдагы отурумда айтып чыкты. Анын айтуусунда, коомчулуктун кескин сынынан кийин Саламаттык сактоо министрлигине сатылып алынган кымбат баалуу автоунаалар өкмөттүн гаражына өткөрүлүп берилген.

— Бул автоунаалар эмне үчүн өкмөттүн гаражына киргизилди? Эмне, алар менчикке чыгарылабы? Эмнеге мындай кымбат автоунаалар сатылып алынган, эмне үчүн аларды аймактарга беришкен жок? — деген суроо берди депутат.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу