Милана Сариева, ырчы: «Кыргызстаныма жеңиш алып келгениме сүйүнүп турдум»

Хакасиде өткөн «От ыры» эл аралык фетиваль-сынагында Кыргызстандан барган Милана Сариева биринчи орунду багындырды. 5-этникалык «От ыры» эл аралык фестиваль –сынагы үн баскычта өтүп, финалда биздин кызыбыз жеңүүчү болуп табылды.

-Жеңишиң кут болсун! Бул тууралуу өз оозуңдан уксак…

-Бул конкурска эки жыл бою даярданып келе жаттым, орто жолдо көптөгөн кыйынчылыктар болду. Бирок, Кудайга шүгүр, конкурс ойдогудай болуп өттү. Менин ушул жеңишиме Айчүрөк эжекемдин акыл насааты жакшы таасир этти. Эжеге мен абдан ыраазымын. Жана албетте ата-энеме терең урматым менен ыраазычылыгымды билдирем , алар болбосо менин бул жетишкендиктерим түшкө да кирбейт болч у. Хакасиядагы «От ыры» эл аралык фестиваль –сынагында көптөгөн мыкты ырчылар катышты. 20 өлкөдөн 25 катышуучу болду. Конкурс аябай кызыктуу күчтүү болду. Менимче баары жеңишке татыктуу. Анткени ар бир конкурсанттын өзгөчө таланты бар экен. Менин атымды атап жатканда абдан толкунданып,  Кыргызстаныма жеңиш алып келгениме сүйүнүп турдум. Бул-Кыргызстандын жеңиши!

-Кайсы ырларың жүрөгүңө жакын,  кайсы ырчылар менен жакшы мамиледесин?

-Мен бүт ырчылар менен жакшы сый мамиледемин. Ар бирин урматтайм. Ырчылардан эң жакын досум Толгонай Арзыкеева менен кичинекей кезимен бери таанышмын. Ал эми ыр тууралуу айтсам, менин жүрөгүмө жакын деп « Алгач сүйүү» ырымды атайм.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу