Мерген Турган, ырчы: «Атам мени саксаңдап сен эмнеге жарайсың деген…»

Кыргызда «атанын сөзү ок» деген кеп бар. Ушул 3 сөз менен эле анын үй-бүлөдөгү ордун сезүүгө болот. Энеге салыштырмалуу алар эмоциясын сыртка чыгарбайт, бирок үй-бүлөнүн чеби. Бүгүнкү каарманыбыз Мерген Турган атасынын көзү тирүүсүндө ага эркелеп, кучактап албаганына өкүнүп отурду.

«БИЗДИ ЭЛ 52НИН БАЛДАРЫ ДЕШЧҮ»

Атам Турганбек 1937-жылы төрөлгөн. Ал өмүр бою шоопур болуп өттү. Машинасынын номери 52-52 болчу. Эл ошондон улам бизди «52нин балдары» дешчү. Бою кичинекей, сары, токтоо, сабаттуу киши эле. Бирөө намысына тийгенби, ким билсин, учурунда жогорку окуу жайына өтүп, агаларына көрүнүп «көрдүңөрбү, мен окууга өттүм» деп туруп анан окубай кетип калыптыр. Чыгармачылыкка да жакын эле. Мен ырчы болуп чыкканда атам мени аябай сындады. Өзү Алла Пугачёва, Роза Рымбаева, Мыскал Өмүрканованы жакшы көрчү. «Ырчы болсоң ушулардай бол. Кана, ыйлап туруп, кайра күлчү» деп мени ар түрдүү сынай берчү.

«КОНЦЕРТТЕ ОРДУНАН ТУРГУЗГАНЫМ ЖАКПАЙ КАЛГАН»

Менден улуу 2 агам бар. Алардын фамилиялары чоң атамдын атынан Ырсалиев, экөөнүн тең балдары  Ырсалиев болуп кете берди. Күндөрдүн биринде атам «менин атымды ала турган киши жок окшойт бул дүйнөдө. Мен эмнеге 5 эркек балам бар деп кыйын болуп журөм»- деп наалыды. Анда мен деле Мерген Ырсалиев болчумун. Ошондо АКШда жашаган Азамат Алтай деген кишинин аты катуу чыгып жаткан. Ошого окшотуп Мерген Турган болуп алдым. Атама барып, «ата, мен сиздин атыңызды алам, Мерген Турган деп чыгам»- десем, «койчу, сен саксаңдап эмнеге жарайсың?» -деп жактырбай койду. Союз тараганда документиме да ошентип фамилиямды өзгөртүп салдым. 1997-жылы борбордо экинчи жолу жеке концертимди бердим. Концерттин ортосунда жарыкты атама бердирип туруп «ата, ордуңуздан туруп каюңузчу. Менин ушул деңгээлге жетишиме атамдын салышы чоң. Бүгүндөн  баштап мен атамдын атын алдым, Мерген Турган болдум» дедим. Эл дүркүрөтүп кол чапты. Бирок атама бул кылыгым жаккан жок, мен аны сезип жаттым. Карасам жини келгенсип туруптур. Кечинде уйгө кыйратып салдым деп барсам, каяктан, тил уктум. «Сен мактанчааксың, ошончо элдин көзүнчө мактанасың, токтоо бол» -деп дагы тилдеди. Анын сынына көнүп калгам да, аны да көтөрдүм.

«KӨ3Y TИPYY Б0ЛГ0НД0 ДАЛАй ТЕЛЕВИЗОРДУ СЫНДЫРМАК»

Чачымды тармалдатканымда «алдыгы кебетеңди сындагандар көп болот, ошону жеңсең анан ырчы болосуң»- дегени эсимде. Анын сынын укканда эшикти тарс жаап чыгып кетмей адатым бар эле. «Балам, эшик деген меники. Сынып калса мен салдырам. Сен менин бир сөзүмө  ушинтип жатасың. Сага миллион адам сын айтат. Аларды эмне кыласың? Ар биринин үйүнө барып эшиктерин тарс жаап чыгасыңбы?!»- деп мени тарбиялап койчу. Ушинтип жүрүп мени ырчы катары бир топ деңгээлге өстүрдү деп ойлойм. Азыр атам тирүү болсо, жаш ырчылардын ырдаганына жини келип, бир канча телевизорду сындырмак болуш керек.

«АТАМА ЭРКЕЛЕБЕГЕНИМЕ ӨKYHYП КАЛДЫМ»

Атам 1993-жылы 5-мартта, 56 жашында кызыл өңгөчүнөн рак болуп, каза болду. Каза болор алдында ооруп борборго келген. Бишкектен айылга жеткирип бардым. Эртеси борбордо Алина Жетигенованын концерти болмок. Мен атамды кыя албай жанында отурсам «балам барагой, бар. Ырдаба десе болбойсуң, эми сени толтура эл күтүп жатат да. Мен жакшы болуп калдым» -деп кетирип жиберди. 1-күнкү концертте ырдадым, эртеси эле кабар келди. Убагында атамды кучактап эркелебептирмин. Тартынчу окшойм да, ошого өкүнүп калдым. Атамдын көзү өткөндөн кийин көпкө ыйлап жүрдүм. Эне эмоциясын билдирип, көз жашын көрсөтүп, балага ачык мээримин чачат экен. Атанын эмоциясы сыртка чыкпай ичинде калат турбайбы. Ичинде калса эле биз аны балалык кылып «эркелетпейт же мени жаман көрөт»- деп түшүнөт экенбиз.

«АТАМ АПАМДЫ КЫЗГАНЫП, ЫРДАГЫС КЫЛГАН»

Атам менен апам урушуп кеткенде мен апама болушчумун. Мен эле эмес, бүт уулдар апам жакка, кыздар атам жакка өтүп кетчү. Апам жакшы ырдачу. Анан атам кызганып жатып калар эле. Эсимде, экөө бир тойдон аябай урушуп келишти. Тойдо апам ырдап коюптур. Ошону менен апам балээге калды. Көпкө чейин апамды «ии, ырдайсыңбы? Кайсыны ырдайсың? Дагы ырдайсыңбы?» -деп кекетип жүрдү. Ошондон кийип апам ырдагыс болду.

«ЭС АЛГАНДЫ БИЛЧҮ»

Азыр ойлосом, бала кезибизде Жаңы жылды америкалыктардай тосчу экенбиз. Төркү үйгө чоң балаты орнотуп, аны кооздочубуз. Айланасында ар бирибиздин жаздыктарыбыз турчу. Уйкубуз келгенде ошол балатынын түбүнө жаздыктарыбызды жазданып уктап калчубуз. Эртең менен турсак эле жаздыктарыбыз момпосуй «тууп» койчу. Бизге майрам тартуулаганды да, өзү эс алганды да билчү. Эс алуу күндөрү башка иштер менен алектенбей, 100 грамм бастырып алып ырдап, мончо жактырып, жакшы тамактарды жасатып, укмуш эс алчу. Комузда кол ойнотуп аябай жакшы ырдачу.

«КОШУНАНЫН КЫЗЫН АЛЫП БЕРЕМ ДЕГЕН»

Аталык милдетинен кутула берейин деп ойлоду окшойт, бир күнү үйдөгү жылкынын башына бантик байлап алып жетелеп бара жатат. Артынан апам кубалап алыптыр. «Мерген, карма эле, карма атаңды. Кошунанын кызын сага алып берем деп, калыңына жылкыны жетелеп бара жатат»- деп кыйкырып алган. Мен жолун тоссом, «тур, жолумду тоспо, бул сенин ишиң эмес. Мен милдетимден кутула беришим керек. Силерди үйлөнткөнгө жашым жетеби, жетпейби ким билет? Калың берип кутула беришим керек» деди. Анда мен жашмын. Атанын оюн, милдетин кайдан билмек элем? Анын бул кылыгы мага өөн учурады. Апам экөөлөп жатып баягы жылкыны алып калдык. Кийин үйлөнгөндө атамдын бул жо- ругун эстеп өпкө-өпкө-мө батпай  ыйладым. Бир чети атамды сагындым, жоктодум окшойт. Анын үстүнө калыңды, үйлөнүүгө кеткен чыгымды өзүм топтодум.

БУЛАК:Супер Инфо 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу