“Мен Бабанов менен кошулуп барып, жаркын жашоодо жашайбыз деп айтканыма ишенбегиле”

Бүгүн, 19-сентябрда Абдылда Иманкулов маалымат жыйын өткөрүүдө.

Жыйындын жүрүшүндө, Абдылда Иманкулов президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун
программасын менен таанышып, келишип түзгөндүгүн билдирди.

Иманкуловдун айтымында, Өмүрбек Бабанов буга чейин президенттик башкарууга өтөөрүн айтып
келсе, Жалал-Абаддагы жолугушууда “Бабанов президент, Төрөбаев премьер-министр болот”, – деп
айткан, мындан улам анын көңүлү калып, Бабанов менен иштешүүдөн баш тарткан.

Абдылда Иманкулов “Мен Бабанов менен барып, элдерге жаркын жашоодо жашайбыз деп айтканым
үчүн мени кечирип койгула жана ишенбегиле”, -деп кошумчалады

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу