“Азия ньюс” гезити «Манты кулак» Мелис Турганбаев аз күн мурда эки жансакчысынын коштоосунда ИИМдин орун басары Данияр Абдыкаровдун кабинетине кирип барыптыр. «Сени өзүм көтөрдүм эле, акырында көтүмө суу куйдуң, эми түбүңө жетем!» деп катуу омуроолоп, аз жерден сабап сала таштаптыр. Ооба, Мекеге ишенич жок, кармаша кетсе борпоң Данчикти көтөрүп чаап, муунтуп, о дүйнөгө узатып жибериши ажеп эмес да. Кызыгы, Абдыкаров устаты Турганбаевге эмне жаманчылык кылганы ушул күндөрү ачыкталмакчы” – деп жазып чыкты.
Милициянын килейген генералы ИИМдин эшигин тээп кирип, министрдин орун басарын жакалап жатса, милициянын кадыр-баркы кайда калган? Уят эмеспи ыя? Өздөрүн өзү сыйлабай жатса, башкаларды жөн эле коёлу. Милициянын бийик сересиндегилер ортосунда мына ушундай зөөкүрдүк өкүм сүрүп жаткандыктан, катардагы кызыл шапкечендер жыртык чокойчон көчөдө жүрүшөт да.
Турганбаев мырза ич күптүсүн Абдыкаров менен ээн талаа, эрме чөлдө чечишип алса болбойт беле? Кандай болгон күндө да абдан өкүнүчтүү иш жасаптыр. Генералдан мындайды күткөн жок элек…
Булак: «Ачык саясат»