Мектепте окуучуларга жин кирип «Көздөрүнө кандуу аял көрүнгөн».

Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын аяк ченинде Филиппин өлкөсүнүн Палаван шаарындагы Мектептердин биринде администрация жетекчилиги окуучуларды сабактан таратууга аргасыз болгон.

Буга себеп болгон окуя бир нече окуучуга “жин-шайтан» кирип кеткен. Мугалимге ээ бербей калышкан. Адегенде башталгыч класстын эки окуучусу канга бойлогон көрүмчү аялды көрүшкөнүн эжейине билдиришкеню

Көп өтпөй жин кирген окуучулардын саны көбөйө баштаган. Окуучулар зч кимге баш ийбей. түшүнүксүз тилде сүйлөп, өздөрүн жин киргендец алып жүрүшкөн. Балдардын жоругунан чоочулаган мектептин директору Висенте Таманъо чиркөө кызматкерин чакырып, мектепти бир сыйра тазалаткан. Ал эми жин даарыган окуучуларды болсо, чиркөөгө жеткизип. Ыйык суу менен тазалатып, дуба окутуп, эстерине келтиришип, үйлөрүнө жөнөтүшкөн. Калган окуучуларга да жин-шайтан кирип кетпесин деген жетекчилик аларды да сабактан тараткан экен. Окуя эртеси кайталанганбы, жокпу, ал жөнүндө Лайф.ру маалымат берген эмес.

Булак: «Сырдуу дүйнө»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу