Матраимов коррупционер болсо аны Атамбаев эмне үчүн учурунда камаган эмес?

Раим Матраимов боюнча ММКларда, социалдык тармактарда талаш-тартыштар арбын айтылууда. Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев «Фейсбук» баракчасы аркылуу жакшы пикирин билдириптир, Ал расмий тилде жазылгандыктан биз мазмунун гана бергенге аракеттендик. Анда «Атамбаев Раим Матраимовдун коррупционер экенин кеч билип, Сапар Исаковго кетирттим деп жатат.

Сооронбай Жээнбековго күйүп-бышкан кишидей болуп. Бирок, 2010-жылдагы А.Атамбаев менен А.Бекназаровдун телефондук сүйлөшүүсүндө Атамбаев Матраимовду колдогон. Ош бажысынан аны кетире алышкан эмес. Кызыгы, Сапар Исаков коррупция үчүн эмес, Матраимовду ишенимди актабаганы үчүн кетирген. Атамбаев азыр Матраимовду коррупционер катары көрсөтүүгө аракеттенүүдө, бирок бир да фактыны көрсөткөн жок.

Эгер ал жегич болсо эмне үчүн 2017-жылга чейин Текебаев, Чотонов, Жапаров ж.б. ондогон адамдар өңдүү каматкан жок. Учурда коомчулук Раим Матраимовдун мүлкүн текшеришин талап кылууда, ал эми финпол жарым жылдан бери созууда. Матраимовдун иши боюнча Атамбаев командасы менен басым көрсөтүп жатат, Президент Жээнбеков үн катпай отурат» деген ойлор камтылган. Айтканында негиз бардай…

Булак: «De-facto»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу