Матраимов: Иним качкан жок, ал Кыргызстанда

Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов Кыргызстандан качып, чет өлкөгө чыгып кеткени боюнча маалымат чындыкка коошпойт.

Бул тууралуу анын агасы, депутат Искендер Матраимов  кабарлады. Ал иниси Бишкекте экенин, кызматтан кеткенден кийин ден соолугун чыңдап жатканын айтты

«Райым миллион» деген ат менен таанымал Райымбек Матраимов Кыргызстандан качып кеткени тууралуу кабар жарыяланган эле. Көрсө, ал такталбаган маалымат экен.

Эске салсак, ал 23-ноябрда өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругу менен Бажы кызматынын төрага орун басарлык кызматынан алынган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу