Матраимовдордун мүлкүн табышкан жок

Жарым жылдан бери ит менен да, жик менен да иликтеп, изилдеп жатышып Матраимовдордун чет өлкөдөгү мүлктөрүн табышбаптыр. Бул тууралуу каржы полициясынын башчысы Бакир Таиров “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. Анда Матраимовду текшерүү февралда башталганын, тергөө иштери жүрүп жатканын, тергөөнүн мөөнөтү боло тургандыгын, мөөнөтү бүтүп бара жатканын ушул жумада баарын айтарын айтты. Чет өлкөдөн мүлктөрү табылган жок деп белгиледи. Ал маекте эки сөзүнүн бири эле тергөө купуялуулугу деп сүйлөнүп жатты. Каржы кызматынын төрагасы буга чейин Искендер Матраимовдун “Биз 90-жылдары бутка туруп баштаганбыз, чет өлкөлөрдө компанияларыбыз бар, ал жакта долбоорлор менен иш алып барабыз”-деп жергиликтүү ЖМКга берген маегин окубаган окшобойбу. Окуса мүлктөрү жок деп айтмак эмес же текшерүү тиешелүү түрдө жүргөн эмес. өздөру айтып жаткан мүлктү жок деген Бакир мырзада кеп бар. Каржы кызматы мындай жол менен кете берсе, президенттин коррупция менен күрөшүн жокко чыгарат. Элдин ишенимин азайтат.

БУЛАК: Факты.кж 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу