Матраимовдордун байлыгы жөнүндөгү Финполдун корутундусу дааратканадан башкага жарабайбы?

Матраимовдордун мүлкү туурасындагы маалыматтарды чогулткан экономикалык кылмыштар менен күрөшүү Кызматы (Финпол) жарым жыл бою “кара терге чөмүлүп” иштеди. Анын отчётун ушул апта ичинде коомчулука берүүнү убада кылышууда. Бирок ойдо жок жагдайлар чыгып кетип, эми бул отчёт дааратканага барууга гана жарап калды окшойт.

Алгачкы сокку жакынкы күндөрдө эле болду. Финполдун башчысы Бакир Таиров алдын ала чыгып кеткен маалымат иретинде, анын кол астындагылар Матраимовдордун чет мамлекеттерде мүлкүн таппаганын айтып чыкты. Жаны жай албаган журналисттер ошол замат Раим-миллиондун бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун маегин таба коюшту, анда Раимдин иниси: “Биздин негизги бизнесибиз чет өлкөдө, биз олуттуу адамдар менен иш кылабыз”, -деп Таировдун айткандарына таптакыр тескери сүйлөгөн. Бул маек бир жыл мурда алынган экен, аны унутуп коюшса керек… Эми эстешти окшойт. Бирок бул да эчтеме эместей сезилген.

Ал ортодо “Азаттыктын” эр жүрөк кабарчы жигити Али Токтакунов иликтөөлөрүнөн улам башына куюлуп жаткан жугундуга карабай, чукуганын улантты да, “АКА –инвест” холдингинин туунду компаниясынын өкүлү менен болгон маегин жарыялады, жанагы 700 миллион доллар чет өлкөгө ушул компания аркылуу чыгарылып кеткен окшобойбу. Маектеш “Терек-Сай жаштары” ЖЧКнын башчысы Токтосун Туманбаев деген аттуу адам болуп чыкты. Дагы таң калыштуу кызыктар чубалып чыга келди.

“Азаттыкка” берген маегинде Туманбаев “Терек-Сай жаштарынын” активдери төмөнкүчө бөлүшүлгөнүн айтып берди: компаниянын 9 пайызы “Бизниснурга”, 21 пайызы – Чолпон Элмуратовага, калган үлүшү “АКА Петролеумга” таандык экен. Ошондой эле ал финансылык полициянын башчысы Бакир Таировдун карындашына үйлөнгөнүн жана анын күйөө баласы экенин тастыктаган. Андан тышкары, анын айтымында, “Терек-Сай жаштарынын” дагы бир негиздөөчүсү өлкөнүн башкы финполчусунун 2016-жылы унаа кырсыгынан каза тапкан бир тууган иниси Таиров Искендер Дуулатович болгон. Буга байланыштуу анын компаниядагы үлүшү маркумдун жубайы Чолпон Элмуратовага өткөн.

Нокаут болбосоң коё кал, бул жакында эле рингде Валентина Шевченко атаандашын сулата сокконунан да күчтүү болуп турат. Матраимовдордун ишин териштирген мекеменин башчысы алардын бизнесине түздөн түз катышып жүрүшү мүмкүн экени эми түшүнүктүү. Демек, анын кол алдындагылар даярдаган корутундуга таптакыр ишенүүгө болбойт. Аны менен дааратканага барууга гана жарабаса, башкача пайдаланууга мүмкүн эмес.

Бакир Таиров токтоосуз отставкага кетүүгө тийиш. Териштирүү болсо кайра башынан жүргүзүлүшү керек.

Баса, Токтосун Туманбаев берген маегинде экс-президент Атамбаевдин АКА –инвест холдингине таптакыр тиешеси жоктугун да (мурдараак “Азаттык” мындай божомолду айткан эле) тастыктаган.

БУЛАК: Багыт.кг

Аргумент.kg
Жооп калтыруу