Марипа Алыкулова: “Мээрбек Мискенбаев 2 млн акчаны дайынсыз кылып койгон”

Редакциядан: Марипа эже коомдогу активисттердин бири. 7-апрелде Бакиев бийлигинин кулашына чоң салым кошкон,  жаракат алган. Учурда Марипа эже­нин тагдыры оор болуп,  коопсуздугу коркунучта болуп турат. Ал, аталган коомдун төрагасы балгон Мээрбек Мискенбаевдин финансылык мыйзам бузуулары туурасында бир топ фактыларды көтөрүп, редакцияга кайрылды. Бул санда маегибизди кыскача баштап бердик. Гезитибиздин келерки санында толук маалыматтарды беребиз.

“МИСКЕНБАЕВ ЭКИ МИЛЛИОН АКЧАНЫН ЭСЕБИН БЕРБЕЙ, БИЗДИ СӨГҮП-САГЫП…”

-Марипа эже, “Айкөл Ала-Тоо” коомунун ичинде финансы­лык мыйзам бузуулар бар экени айтылууда. Ошонун четжакасын чыгарсаңыз. Эки миллион акча дайынсыз жок экендиги айтылууда. Бул боюнча чыр качан чыкты эле?

-2010-жылы 7-апрелде жаракат ап­ган балдар чогулуп, «Айкөл Ала-Тоо» коому түзүлгөн.  Жыл сайын управле­ния мүчөлөрү менен балдарга чогулуш өткөрүп, жыл аягында отчет альш, от­чет берип дегендей иштерди кылабыз. Мен ошол коомдо социалдык секторго башчы болуп шайлангам. Жара­кат алган балдарга социалдык жактан жардам берүү,  медициналык жактан жардам берүү менин милдетим эле. Жарадар болгондордун арасынан да бир топ балдар каза болуп кетти. Анткени, биздин медицинада октон жара­кат алгандарды дарылоо методу жок экен, ошол жагы кыйын болуп жатат. Ар жыл сайын жаракат алгандардын саны азайып, арабыздан кетип жатат.

-Мискенбаев менен эмнеге тирешип жатасыңар?

-2015-жылдын аягында биздин коомдун мүчөлөрү отчет берүүбүздү талап кылып калышты. «Марипа эже, жылдык отчет бапггалды, келип калыңыз» — деп телефон чалганда кагаздарымды чогултуп алып барып калдым. Жыйындар залына 200гө жакын кипш батат, барсам ызы-чуу болуп жатыптыр. Биринчи катардан орун алып коюшуптур, ошол жерге отурсам колума кагаз карматышты, Алгач түшүнгөн жокмун, колумдагы кагазды окусам, «Айкөл Ала-Тоо» коомуна Кыргыз-Көмүр ишканасынан 2миллион 136 миң сом акча бөлүнүп берилип, андан сырткары ревизиондук комиссиядан финансылык махинациялар билинип калды» деген маалыматтар бар экен. Ал жер­ге Азия-транс, Кыргыз-Көмүр ишканасынан жетекчилер чакырылган экен. Канат Ашырбаев менен чогуу төрт киши келди. Эл ызы-чуу түшүп, “отчет тапшыргыла” — деп калыш­ты. Мен өзүмдүн отчетторумду ага чейин эле кагаз түрүнде тапшырып койгом. Чогулгандардын баарысы биздин отчетторго эмес, Кыргыз-Көмүрдөн түшкөн миллиондордун отчетторуна кызыгышты. Анткени, «эки миллион 136 миң эмне деген акча?!» — деп таңгалып жаттык. Би­рок эч нерсени түшүнө албай койдук. Мен башкармалыктын мүчөсү болуп туруп бул боюнча маалыматым болгон эмес.

-Эмне болгон акча экен?

-Көрсө Кыргыз-Көмүр ишканасы биздин коомго Азия-Транс аркылуу 2 млн 136 миң сом акчалай каражат которуптур. Ал акчанын кайда, кимдин чөнтөгүнө кеткени дайынсыз. Мээрбек Мискенбаев менен Амантур Жамгырчиев сөгүнүп-сагынышып, элге отчет бергенден баш тартышты. “Билгениңерди кылгыла” — деп кол шилтеп коюшту. Ошонун айынан мен ал миллиондордун ачыкка  чыгышын талап кылып чыктым. Ошондон бери куугунтукта жүрөм. 2014-жылы Мэ­эрбек Мискенбаев “Айкөл Ала-Тоо» коомунун төрагасы болчу. Демек ал миллиондорго түздөн-түз тиешеси бар. Учурда отчет бербей качып жүрөт. Менде бул тууралуу маалыматтар бар. Мискенбаевдин иштери укук коргоо органдары тарабынан текшерүүгө алынышы керек.

(Уландысы кийинки санда).

Нуркыз БАКАСОВА

Булак: Ачык саясат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу