Марат Калиев Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башчылыгынан кетүү арызын жазды. Маалыматты чиновник «Кактуска» ырастады.
“Арызды кечээ, 18-февралда жаздым. Башка иш менен алектенүүнү чечтим. Азыр премьер-министрдин чечимин күтүп жатам”, – деди Калиев.
Ал ММКФтин (ФОМС) башчысы болуп 2015-жылдын ноябрында дайындалган.
15-февралдагы өкмөт жыйынында Марат Калиев дагы бир катар жетекчилердин катарында жумуштагы кемчиликтери үчүн эскертүү алган.
Булак: Калыс Медиа