Марат Иманкулов, коомдук ишмер: «Кыргыз эли илгертен акыйкаттыкты, эркиндикти туу тутуп келген…»

— Марат мырза, көп жылдары улуттун коопсуздугу жагында иштеп келдиңиз. Митингдер жөн жерден чыга бербейт да?..

— Балээнин баары бийликтен болот. Бийлик эгер элдин мүдөөсүн аткарып, эл менен эсептешип, эл үчүн ьсызмат кыла турган болсо эчтеке болбойт. Эгерде өз арабасын сүйрөп, өзүнө ыктап эле, жакындары үчүн бийликтин ресурстарын пайдалана берсе, акыйкаттык кетет, мыйзам бузулат, анан баары башталат. Алгач чакан митингден башаталат, анан күчөп-күчөп кетет. Өзүң айтмакчы, улуттун коопсуздугу жагында кеп жыл иштедим. Жылдап-жылдап отпускага чыга алган жокмун. «Мекениң коркунучта болуп атат. Сен бу жерде туруп турбасаң болбойт, эс алганы кетип калсаң бул жак иш алпара албай калат» деп эле мени болгон чаташкан кырдаалга, катаал региондорго жөнөтө беришти.

— Өз учурунда Бакиевдердин заманында жакшы эле чыгып келатып жок болуп кеттиңиз, кайда кеттиңиз?

— Бакиевдер жумуштан айдап ийейин десе негиз жок, куугунтуктайын десе илинчек жок, эптеп жогорулатымыш болуп, Москвага генерал-полковник кызматтык ишке кетирип, үч жыл бул жакка жолотпой менден кутулушту. «Оппозициям кошулуп кетпесин» деп чочулашты. Анткени, ошондо эле чындыкты бетке айтып, кыйкаттыкты көздөгөнүм аларга жакпады окшойт.

— Акыркы жылдары дүйнө жүзүндө «Диний экстре-мизм-мерроризм» деген термин пайда болду. Ушу тууралуу оюңузду уксак?

— «Негизи, терминдерди колдонууда астейдил мамиле кылсак» деп үндөп кетет элем. Анткени, дүйнөдөгү бир да дин ошонун ичинде христиан, ислам, буддизм, иудаизм дегендер өзунүн динге ишенген адамдарын террордук методдорго чакырышпайт. Киши өлтүрүүгө үндөбөйт. Тескерисинче, баардык диндер тынчтыкка умтулууну көздөшт. «Террор» деген эмне? Коркутуу, жардыруу, өлтүрүү, мамлекетти чөгөлөтүү, өзүнүн кызыкчылыгына радикалдуу жолдор менен жетүү. А ислам деген эмне? Кыргызча котор-гондо «тынчтык» деген сөз. Биз терминологиядан туура эмес пайдалацып алып, терроризмди динге, башкага аралаштыра берип, динди таптакыр мокочо кылып таштадык. Ислам дини толеранттуу дин, башка диндер менен кагылыпггырбайт, согуштурбайт. Динди туура пайдалануубуз керек. Дин — адамдын жүрөгүндөгү ыйманы. Эгер жүрөгү таза болуп, Кудайга чын эле ишенип, Курандажазылгандарды туура пайдаланган адамдардан коркпой эле коюшубуз керек. Андай адамдардан үлгү гана алсак болот. Алар адамзатка эч бир зыян келтирбейт. Эгер диндик көз карашыңды саясат менен аралаштырып ийсең, же болбосо экстремисттик башка идеологияларга чаташтырып, аны курал катары пайдалана турган болсоң, ал жерде чатак болот, тынчтык өкүм сүрбөйт. Бу жерде кылдат мамиле кылуубуз өңдүү. Күч колдонуу опурталдуу жана болбогон иш. Билимди жогорулатуу, түшүндүрүү иштери биринчи орунда болуп, бийликте турган адамдардын бул жаатта маалыматы кенен болуусу абзел. Сабатсыз жерде, билим жок жерде адамды, коомду талкалап алса болот. Андай мисалдар толтура. Алыс кетпейли, ошол эле эң; сабаттуу, билимдүү делген Германия элин Гитлер бир заматта фашизмге айлантып салган.

— «Коом» деп кеттиңиз, биздин коомубуз азыр коркунучтабы?

— «Мамлекеттүүлүгүбүздө, коомчулугубузда эч кандай коркунуч жок» дегенден алысмын. Коркунуч бар. Реалдуу коркунучтар, күтүп турган коркунучтар арбын. Биз ушундай коркунучтарды болтурбай коюуга даярбызбы? Жок, даяр эмеспиз. Чала-була даяр. Террордук уюмдар жаныбызда, Афганистандын түндүгүндө турат. Бир нече миң, азыр 20 миңге жетип, лагерлери жайгашканы тууралуу маалыматыбыз бар. Сириядан, Ирактан кеткендер ошо жерге көчүп барып туруп калышты. Баягы 2000-2001-жылдардагы кырдаал түзүлүп калды Афганистанда. Артында көп күч бар экенин  сезип, азыр алар андан да коркунучтуу болуп турушат. Анткени, ал кездегиден бери бир топ тажрыйба топтоп алышты. 4-5 жыл Сирияда согушуп, баардык шарттарды билишет. Бир кезде Сирия мамлекети бизден 5-10 эсе кубаттуу өлкө болчу. Азырчы? Баардыгы урандыда жатат. Эми аны калыбына келтирүү оңой-олтоң жумуш эмес. Мына ушундай тагдырды биздин өлкөгө каалабайт элем, өзүбүздүн коопсуздукту кошуна мамлекеттер менен биргелешип камсыздашыбыз керек. Араздашуу менен’* эмес, ынтымак-ырашкердикте бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып дегендей.

— Өзүбүздүн эң кооз улуттук кийимдерибиз турса, башка улуттун кийимдерин кийип алып, анча-мынча акылдуусунгандарды эмне кылабыз?

— Бул жерде да түшүндүрүү иштери керек. Кайсы бир учурда биздин эл деле кыска юбка, эркектерибиз клёш шым кийип мода кууп калышкан. Андан кийин жинсыга өтүштү. Самсаалактарды жондоруна илип дегендей. Азыркы эркектерибиздин тизеге жеткен көйнөк, кыздарыбыздын хиджаб кийгендерин мода катары гана кабыл алып коюшубуз абзел. Жанагы хиджаб кийген кыз-келиндерибизди диндин фанаттары катары ойлобойм. Ошолордон сурап көрсөң, динден түшүнүгү болбошу да мүмкүн. Тышкы атрибуттарды көрсөтүп, «мен ушундаймын» дегендер да жок эмес. Ал эми ички дүйнөсү кандай экенин бир Кудай өзү билет. Сиз туура айттыңыз, кыргыздын улуттук кийимдеринен көркөм, сулуу, кооз, көрктүү, жарашыктуу кийимдерди башка элдерден ушу кезге чейин көрө элекмин. Ушуну популяризация кылуу, жаштарга үндөөнү мамлекеттик деңгээлге чейин көтөрүп, керек болсо региондорго чейин сабаттуу адамдарды жөнөттүрүп, үгүт иштерин кылдырса сонун болмок.

— Биз эмне үчүн азыркыдай кырдаалга туш келип отурабыз, митингден митинг, революция, төңкөрүш, кайрадан эле нааразычылыктар ж.б.

— Мен ушу сурооңузга жооп таап атам. Кыргыз эли илгертен акыйкаттыкты, чындыкты, эркиндикти туу тутуп келген. Азыр да ушу принциптен тайыган жок. КГБнын чоң мектебинде окуп жүргөн мезгилде окутуучулар насаат иретинде «биринчи кезекте мыйзамдуулук принципти эң жогору койгула» дечү. «Андан кийин партиялык, акыйкаттык, гумандуулук ж.б.» дешчү. Мен ошондой духта тарбия алдым.Учурда биздин мамлекетибизге мыйзамдуулук жетишпей турганы айдан ачык көрүнүп турат. «Иттин өлүгү кайда катылуу?» деп издеп таппай аткан болсок, такушул мыйзамдуулукта экенин байкасак болот.

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

БУЛАК: Азиянюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу