«Манас» аэропорту Албек Ибраимов үчүн гана кызмат кылабы?

 

Бишкек шаарынын экс-мэри, учурда коррупцияга айыпталып камакка алынган Албек Ибраимовдун борбор калаабызда өзүнө гана тиешелүү кеңсеси бар экенин көпчүлүк биле бербесе керек. Ал кеңсесинде Албек мырза өзүнүн жекече кызыкчылыгындагы маселелерди чечүү үчүн жолугушууларды өткөрүп келген.

Мына ошол кеңсенин алдында 20-июль күнү «Манас» эл аралык аэропортуна таандык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустар Арашан айылынын жашоочуларын ташып келип жатканы байкалды. Тактап айтсак, коррупцияга айыпталып, камакка алынган А. Ибраимовдун тарапташтарын. Кыязы, А. Ибраимовдун тууган-туушкандары борбор калаада митинг уюштурууну көздөп турушат окшойт.

Макул, Албек мырзанын тарапташтары митинг өткөрө беришсин дейли. Бул алардын укугу. Бирок, аларды эмнеге «Манас» аэропортуна таандык автобустар ташып атат? Же аэропорттун жетекчилиги А. Ибраимовго өзгөчө кызмат көрсөтүшөбү? Мына ушуга тиешелүү органдар көңүл буруп коюшаар деген үмүттөбүз.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу