Манас Арабаев Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берди

Кечээ, 2-июлда Коомдук телерадио компаниясынын «Ала-Тоо 24» каналында «Көлөкө» аталышындагы журналисттик иликтөө көрсөтүлдү. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакындарынын ири коррупциялык иштерге катыштыгы бар деп айтылат.

Репортажда президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаевдин суракта экс-президенттин жубайы Раиса Атамбаевага карата берген көрсөтмөсү көрсөтүлөт.

«2016-жылы БЛС курулуш компаниясынын ишин кароо учурунда Раиса Атамбаева бир нече жолу жолугушууну суранып талап кылды. Бул жолугушуулар болду. Бул жолугушууларга башка адамдар да катышты. Анын ичинде жолугушуулардын биринде анын уулу Раис да болгон. Бул жолугушууларда соттук ишти чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүшкөн, экинчи инстанцияда.

Ал СМС дагы жазган. Бул жагдайларды телефондук номердеги жазууларды алуу аркылуу тактаса болот. Анда ал жолугушууну жана белгисиз адамдарды кабыл алууну талап кылат. Ал адамдар түздөн-түз бул ишти чечүүгө катышкан.

Ошондой эла экс-президенттин жубайы Раиса Минахмедовна судья Жаркееваны кызматтан албоону жана ага тийишпөөнү суранган. Мындай тапшырма УКМКнын Алмаз Мааткасымов аттуу кызматкер аркылуу берилген», — дейт суракта Арабаев.

Манасбек Арабаев президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы кызматын 2015-жылдын февраль айынан 2018-жылдын 15-майына чейин аркалап келген. Ал «саясий жетекчиликтин ишениминен чыкты» деген жүйө менен иштен алынган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу