Мамлекеттик сатып алуулар департаментине жаңы жетекчи келди

Нурида Байзакова Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мындан бир апта мурун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик сатып алуу департаментинин мурдагы директору Улан Өзүмбековду мамлекеттик сатып алуу тутумун реформалоо боюнча тапшырмаларды аткарбаганы үчүн кызматынан бошоткон.

Булак: Калыс Медиа 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу