Мамлекеттик орган менен «Ингосстрахтын» ортосунда жең ичинен сүйлөшүү болгонбу?

КР Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына ОсОО «Протек Трейд» компаниясынан арыз келип түшкөн. Анын себеби аталган компания «Ингосстрах» милдеттүү камсыздандыруу компаниясы менен келишим түзүп, иш алып барат. Ага ылайык «Протек Трейд» компаниясы «Ингосстрах» компаниясына тиешелүү акча каражатын которуп берген. Кийин келишимге ылайык бул камсыздандыруу компаниясы аталган компанияны өз камсыздандыруусуна алган. Бул боюнча төмөндө КР Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы жарыялаган орус тилиндеги макалада толук маалымат, жүйөлөр менен келтирилген.

Ток этерине келсек, КР Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын чечимине ылайык, «Ингосстрах» камсыздандыруу компаниясы 2018-жылдын 18-январына чейин келтирилген чыгымды «Протек Трейд» компаниясына толугу менен төлөп берүүгө милдеттендирилген. Ага карабай аталган камсыздандыруу компаниясы эки жылдан бери келтирилген чыгымды төлөбөй жүргөнү эмнеси? Балким бул камсыздандыруу компаниясынын КР Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматында же Ак Үйдүн жетинчи кабатында таянган тоосу барбы? Болбосо мамлекеттик органдын чечимин бул камсыздандыруу компаниясы кыйшайуусуз так жана өз учурунда аткарууга тийиш эле.

Белгилей кетсек, учурда «Ингосстрах» компаниясы КР Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына арыз жазып, келтирилген чыгымды төлөп берүүдөн качуунун жолдорун издеп жатыптыр. Кээ бир маалыматтарга таянсак, бул иш боюнча КР Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы атайы териштирүү боюнча комиссия түзгөнүн эшиттик. Бул комиссиянын түзүлгөнүнүн өзү мыйзамсыз экенин эскерте кетели. Анын себеби КР Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы бир жыл башта чыгарган өз чечимин жокко чыгарууга багыт алып жатабы? Бизге жеткен маалымат боюнча бул комиссиянын төрагасы КР Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басары Мыктыбек Абиров экени айтылууда. Кыскасы бул жерде кандайдыр бир коррупция жыттанып жаткандай… Ошондо мамлекеттик орган менен «Ингосстрахтын» ортосунда жең ичинен сүйлөшүү болгонбу? Кыскасы КР Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы өз чечимин жокко чыгарууга далалат жасап, жабыр тарткан тарапты эмес, мощенничествого барган тараптын кызыкчылыгын коргоого өткөн сыяктуу?

Бүгүнкү күндө Өкмөт Милдеттүү камсыздандырууга өтөбүз деп жатканда, мындай былыктардын орун алып жатканы жакшы көрүнүш эмес. Ушуга окшогон мыйзамсыз иштердин орун алып жатканы жарандардын камсыздандырууга болгон ишенимин жоготуп атканы айкын. Андыктан бул факты боюнча тиешелүү органдар чара көрүп, акчасын алдырып алалбай жаткан «Протек Трейд» компаниясына адилеттүүлүктү орнотуп берет деген ишеничтебиз.

Информация по внеплановой проверке деятельности Закрытого Страхового Акционерного Общества «Ингосстрах»

в Госфиннадзор поступило заявление (от 20.12.2018 г. вх. № 6549 ) от ОсОО «Протек Трейд», относительно уклонения от исполнения своих обязательств ЗСАО «Ингосстрах» по выплате страхового возмещения по договору страхования строительно – монтажных рисков и послепусковых гарантийных обязательств СМР № 000059 от 10.03.2017 г.

В целях установления фактов в заявлении Госфиннадзором проведена внеплановая проверка деятельности Закрытого Страхового Акционерного Общества «Ингосстрах» по выплате страхового возмещения по договору страхования строительно – монтажных рисков и послепусковых гарантийных обязательств по полису СМР № 000059 от 10.03.2017 г.

По итогам проведения внеплановой проверки в ЗСАО «Ингосстрах» было направлено предписание от 28.12.2018 г. № 9-1/3266 о том, что ЗСАО «Ингосстрах» необходимо произвести страховое возмещение, возникшее по полису СМР № 000059 от 10.03.2017 г., во исполнение требования части 4 статьи 957 Гражданского Кодекса Кыргызской Республики в срок до 18 января 2018 года, неисполнение в вышеуказанные сроки настоящего предписания влечет ответственность ЗСАО «Ингосстрах» согласно законодательству Кыргызской Республики.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу