Маматалиев генералдан кечирим сурадыбы?

Шайлоонун шарапатынын кесепети да болуп кетерин көп эле байкап жүрбөйлүбү? Ал тургай кепичин жапшыра кийген улуу кишилер деле сөзүнө чалынып калып жатканы калп эмес. Айрыкча элдин алдында сүйлөгөндө мүдүрүлүп кетерин сезип жүрөбүз го? Бир жагынан элдин сүрү, микрофондун айбаты кээде чийки кептерди оозантып жиберери ырас.

Бир лидердин чачпагын көтөрсөмбү деген үмүттөгү адам бар А. Маматалиев деген. Анын курагы деле анчалык картаң эмес. Ошондуктан дагы бир бийликке илешип каламбы деген кыял менен өткөндө Алайда элдин алдында жалындуу кептерди айткан. Көп өтпөй генерал Исмаил Исаковдун акыйнеги чыкты мен Бабановду колдоодон алысмын деген. Көрсө ал киши Сооронбай Жээнбековду кадырлайт тура. Кантсе да партиялаш эмеспи? Эми дагы суроо жаралат, деги Маматалиев калпыстыгы үчүн генералдан кечирим сурады болду бекен? Же боло берет турмушта, особенно кыргызда деп тетири басып кеттиби?

Булак: «Ачык сөз»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу