Малика Динанын сүйүктүүсү жана болочок жолдошу казак актеру Эркебуланбы?

Шоу-бизнес айдыңында мукам үндүү ырчы айым Малика Дина жакында эле «Айтчы себебин?» атту жаңы чыгармасына клип тартты. Клипке казактын белгилүү актеру Эркебулан Токтар башкы ролдо ойногон. Ошондон кийин эле Маликанын жалгыз эместиги маалым болгон. Баардыгы ырчы айымды жандап жүргөн мырзага кызыгып калышкан эле. Ким ким деген суроого өздөрү эле жооп берип коюшкандай болду. Анткени ырчы «Онлайн жылдызы» теле берүүсүнөн жалгыз эместигин ачыктап бирок «кыргызбы» деген суроого жооп берген эмес. Көп өтпөй экөөнүн бирге түшкөн, бирге жүргөн мезгилдерин инстаграмм баракчаларына жүктөшкөн.

Малика менен Эркебулан чыккан түз берүүдө эң көп берилген суроолор да дал ушулар болду. Бирок эч кандай жооп кайтарышкан жок. Аздан соң берүүгө кошулган Анжелика Бекболиеванын фаны экөө жакында баш кошоорун жазып чыкты. Ага да жооп жок.

Жакынкы арада баардык суроолорго жооп табылчудай болуп турат. Күтө туралы.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу