Максим Бакиевдин уюлдук телефондогу 60 тыйын алынып салынганы эле болбосо, башка өсүү жыйынтыгы жоктугу айтылды…

2010-жылдын 7-апрели тарыхта өчпөс тамгалар менен жазылып калаары талашсыз. Анткени ушул күнү мыйзамды тебелеп-тепсеген, элдин ырыскысын талап-тоногон адилетсиз Бакиев бийлиги жана Бакиевдер кланы кулатылган. Кыргыз эли табиятынан чындыкты туу туткан, адилеттүүлүк үчүн күрөштө артка кайтпаган эл экенин дагы бир ирээт далилдеген. Ушул күнү кыргыз эли баш болуп, ошол учурдагы Убактылуу Өкмөттү түптөгөн саясатчылардын жоон тобу төш болуп канкор Бакиев бийлигин кулаткан.

Мына андан бери бакандай жети жыл өттү. Эмне өзгөрдү? Тескерисинче экономикабыз ошол мезгилдегиден ылдыйлап, тышкы карызыбыз 4 миллиарддан ашты. Кыргыз элинин алдыга койгон аруу тилектери аткарылдыбы? Мына ушул суроого жооп издеген эч ким жок.

Бүгүнкү бийликтегилер өткөндөн сабак алгандын ордуна, тескерисинче «тирания» бийлигин орнотууга өттү. Ошол мезгилдеги санаалаш досторун четинен камап, сындырууга далалат жасоо менен убара. Эгерде ошол санаалаштары, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү, кыргыз эли болбогондо Атамбаев президент болот беле? Бакиев бийлиги кулайт беле? Кеп ушунда. Ал эми Атамбаев учурда эки революцияны мен кылдым дегенсип төшүн кагып жүрөт. Санаалаш достору Текебаев, Бекназаров, Сариев, Отунбаева, жана башка УӨ мүчөлөрүнүн эмгектерин заматта унутту, же бийлик көптүрдүбү айтор түшүнүксүз. Санаалаш досторун ыргыта тепкени аз келгенсип, Акаев-Бакиевдин жепжутар балакайларын жооптуу кызматтарга дайындап, жанына үйүп алганы, УӨ мүчөлөрүн жана  кыргыз элин шылдыңдаганыбы?

Чет жерде жаткан качкын Акаев менен канкор Бакиев бийликтин бүгүнкү абалын, УӨ мүчөлөрүнүн ыркы кеткенин көрүп, мыйыктарынан күлүп жаткандыр…

Ал эми бүгүн 7-апрель революциясын утурлай, биринчи жолу бул күндү майрам катары уюштуруп жатабыз деп Бишкек шаарынын Мэри Албек Ибраимов төшүн кагып сүйлөдү. Кайсы арына? Бакиевдердин мүлктөрүн басып алышканы үчүнбү, мыйзамсыз жерлерди менчиктештирип алгандары үчүнбү? Эгерде 7-апрель революциясы максатына жетип, элдин үмүтү акталып, Кыргызстан өнүгүү жолуна түшкөн болсо, анда майрам катары белгилесек туура болмок. Ал эми бүгүнкү күндө экономикабыз төмөндөп, тышкы карызыбыз көбөйүп жатса, бийликтегилер четинен өздөрү «морадер» болуп чыгып жатса кантип майрам катары майрамдайбыз, же кырчындай өмүрлөрү кыйылган баатыр жигиттерибиз ушундай болсун деп курман болуштубу?

Бүгүнкү күндө эл арасында бул бийликке болгон ишенич эбак эле муздаганы ММКлардын сурамжылоолорунда далилденип жатат.

Бүгүн, Президент  Атамбаев «Ата-бейит» мемориалдык комплесине барып, баатырлардын элесине куран окуп, гүл чамбар коюп кайтты. Ошол эле маалда апрел ыңкылабынан каза тапкан жарандардын жакындарынан нааразылыктар айтылды. Апрель баатырларынын жакындары президентке 7 жылдан бери алгылыктуу жардам болбой жатканына нааразы экендигин билдирип, иш-чаранын айрым катышуучулары 2010-жылдагы уюлдук телефондогу 60 тыйындын алынганы эле болбосо, башка жыйынтык жок экенин айтып, нааразы болушту.

Бул бүгүнкү бийликтин мурдагы бийликтегилердин катаасын кайталап, алардан айрымасы жок экенинин далили.

Калыс Чындыков

Булак: Чындык

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу