Максат Садырбеков менен жубайы менен кайда кетет?

Ырчы Максат Садырбеков жубайы Айсулуу Молдалиева экөө бал айын кайсы өлкөдөн өткөрө турганы жөнүндө күйөрмандарына маалымдады.

Жаңы баш кошкон жубайлар Кытайдын түштүк-чыгышында жайгашкан Хайнань аралдарына эс алып келишмекчи.

Белгилей кетсек, белгилүү ырчы, Non Stop дуэтинин мурдагы солистти Максат Садырбеков ушул жылдын февраль айында 25 жаштагы сүйүктүүсү Айсулуу Молдалиеванын колун сураган. Жаштар тогуз жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн. Алардын үйлөнүү үлпөтү 6-июнда Бишкектеги ресторандардын биринде өткөн.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу