Максат Садырбековдун апасы, Гулмира Курманбаева: «Оор күндөр эске түшкөндө баламдан азыркыга чейин кечирим сурайм»

Эне үчүн уулунун бой жетип, инсан катары калыптанганын көрүү ѳзүнчѳ бир бакыт эмеспи. Ырчы Максат Садырбеков учурда чакан мамлекетин түптѳп, апасынын бактысын арттырып, колун узартып жаткан учур. Ырчынын бала күнүнѳн азыркы ийгиликтерине чейин апасы Гүлмира айым айтып берет.

-Гүлмира айым, тоюңуз кут болсун. Келиндин кызматын көрө баштадыңызбы?
-Рахмат. Тойдон кийин аздан баш-аягыбызды жыйнап, уул-келиним да иштерине кирише башташты.Мен негизи катуу кайнене эмесмин. Келин кайненеге кызмат кылышы керек деген түшүнүк мен үчүн эмес.Бир айдан кийин уул-келиним бөлүнүп өздөрүнчө жашашат.Тууган, тааныштар: “Жалгыз уулуңду эмнеге бөлөсүң?”-деп жатышат.Ѳзүм психологдук кесибиме таянып бул чечимди оңой эле кабыл алдым.Психологияда үч бурчтуу мамиле болбош керек.Мисалы, мен уулум менен кучакташып койсом Айсулуу ыңгайсыз болуп, экөө эркелешсе мен четте калам, келиним экөөбүз сырдашсак уулум сүрүлүп калат.Бул туура эмес.Жаш кезинде каалагандарындай эркин жашашсын.Бир келген жашоосунда чектөө болбой жыргап жашоолорун каалайм.Мен экөөнө балалуу болгондо керек болушум мүмкүн. “Апа, баламды багышыңыз” десе жан дилим менен даярмын.

-Идеалдуу кайненесиз го? Баары эле уул-келинди мындай түшүнѳ бербейт да.

-Жаш кезде мен деле эки кызым менен уулума талапты катуу койчумун. Мүнөзүм катаалыраак эле. Мындан жыйырма жыл мурда, 40 жашымда жаман илдет менен ооруп калдым. Үч балам тең кабыргасы ката элек кез. Оң жак эмчегимде шишик бар экенин укканда нес болдум, ыйладым, ичим күйдү. Өзүм үчүн эмес, “өлүп калсам балдарым кимдин колунда калат…” деп үчөөнө күйдүм. Рактын 3-даражасы болуп кеткен экен, операция болдум. Узак дарылануудан кийин ооруну жеңип, минтип балдарымдын жакшылыгына күбө болуп отурам. Ооруну жеңүүгө балдарыма болгон сүйүүм түрткү болду. Ошондон кийин ой-жүгүртүүм өзгөрдү. Өзүм орус тили боюнча мугалиммин. Ооруганда психологиялык китептерди көп окуп, психологдун окуусун аяктадым. Азыр ушул кесип менен иштеп келем. Бул кесип мага ушундай башкача ой жүгүртүү, башкача кѳз караш тартуулады.

-Баланын ийгиликке жетишине ата-эненин колдоосу керек эмеспи. Уулуңуз үчүн кандай аракеттерди кылдыңыз эле?

-Психолог болгонго чейин балдарымды катуу кармаганымды кѳп эстейм. Кээде аныма өкүнүп кетем. Максат “комуз чертким келбейт” дегенине карабай ушул бөлүмгө тапшырткам. 1-2-классында телеге алып баруучу балдар керек экенин угуп ал жакка алып бардым. Максат кыргызча сүйлөй алчу эмес. Ага карабай кыргыз тилинде алып барасың деп урушуп, эфирден айта турган сөздөрүн кагазга жазып дубалга илип койчумун. Байкуш балам кыйналса да окуп, жаттап алып чыкчу. Кийин ойлонсом алып баруучу болгону ага эмес, элге мактануу үчүн мага керек болуптур. Баламдын аң-сезимине доо кетирип курулай кыйнаптырмын. Ошол күндөр эсиме түшкөндө баламды кучактап азыр да кечирим сурайм. Ал болсо: “Апа, ал күндөр өттү-кетти. Эң негизгиси сиз мага көп эмгек жумшап, жакшы тарбия бердиңиз” деп калат. Мунусу да туура. Максаттын чыгармачылыкка болгон дараметин 4-5 жашында байкап Шубин атындагы музыкалык мектепке алып барып, фортепианого бердим. Бирок фортепиано менен кѳп иштеши керек экен. Ѳзүм ооруп жүргөн учур эле, музыкалык аспап сатып бергенге шартым болгон жок. Ошентип бир аз баргандан кийин окууну токтотуп койдук. 7 жашында алып барсам дагы өтүп кетти. Кайра эле баягы абал, баламдын дилгирлиги бар, бирок, аспабы жок. Ал күндөрдү эстесем азыр да ыйлагым келет. Балама татыктуу билим бергим келип химиотерапия алып кыйналып турсам да жетелеп алып музыкалык окуу жайга бара берчүмүн. Акырында шартыбыз такыр болбогондо ал жактан үмүтүбүздү үзүп чыктык. Кийин айыгып, иштеп, баягы фортепианону сатып берүүгө акчам жетип калганда барсак кеч болуп калыптыр. Куреңкеев атындагы музыкалык окуу жайга алып баргыла деп кеңеш беришти. Ошентип 9-класста ал окуу жайга өтүп кетти.

-Уулуңузду кандай мүнѳздѳйсүз?
-Максат кандай кырдаал болбосун кечирим сурай билет. Кээде бири-бирибизди түшүнбөй калсак сыртка чыгып кетем. Эки мүнөт өтпөй “кечирип коюңузчу, сизди жакшы көрөм” деген билдирүү келет. Тамашакөйлүгүн сураба. Телефон чалсаң үнүн өзгөртүп, кишини ойнотуп күлдүрөт. Басып-туруп мени чекемден өөп, эркелеткенден тажабайт. Бирөөнү сындап, сөз кылганды жактырбайт. Андайда “койгулачы, силердин жашооңорго ал тоскоол болуп атабы” деп калат. Койгон максатына жете билет. Мега той өткөрөм деп тилек кылчу эле, тилегине жетти. Мен тойдо коноктой эле жүрдүм. Уулум айрым маселелерде мени менен кеңешип, негизги уюштуруу иштерин, тойдун сценарийин, чыгымын бүт келиним экѳѳ өздөрү көтөрүштү.

-Келиниңиздин да кулк-мүнѳзүн билип калсаңыз керек?
-Максат “Нон-Стоп” дуэтинде ырдаганга чейин эле Айсулуу менен мамиле куруп, ошондо эле мени менен тааныштырган. Айсулуу ортончу кызымдын беш-алты айлык кызын кѳтѳрүп түшкөн сүрөтү бар. Азыр ал неберем сегиз жашта. Келинимди ошол кезден бери эле жөнөйлүк сапаты үчүн жактырам. Анысынан өзгөрбөй бир калыпта келе жатат. Көп өтпөй дуэт түзүлүп, келишим боюнча Чолпон менен Максаттын жеке жашоолору сыр болушу керек болду. Эл чогуу ырдаса Чолпон экѳѳнү мамилеси бар экен деп сөз кылышты. Бул кырдаал үчөөнө тең оор болду. Бирок Айсулуу анын баарына чыдады, ушунусуна да баа берем. Мындай эрдик ар бир эле кыздын колунан келбесе керек. Келинимдин башынан берки туура түшүнүүсү, колдоосу менен Максат ушул ийгиликке жетти. Ошол эле учурда Чолпон да азамат кыз.

-Тойдо келиниңиздин бийлеген бийин, кийимин сынга алышты…
-Айсулуу балерина. Мен искусствонун бул түрүн өтө баалайм. Экөө бийди көпкө даярдашты. Бийлегендерин карап уул-келинимдин кыймылына, ийкемдүүлүгүнө суктандым. Кийген кийимине болсо маани берген жокмун. Эл эмне десе ошо дей берсин. Айсулууга “улуу кишилер келсе жоолук салын, калган убакта алып салсаң болот” дегем. Келинимдин дайыма жакшынакай болуусун каалайм.

-Баары бир кайнене катары өзүңүзгө тиешелүү эреже, адаттар кантип болбосун?
-Жаш кезимден конок тоскондо идиш-аякты, үйдү эртеңкиге калтырганды жаман көрөм. Түшүнбөйм, кандай аял кир идиштин баарын үйүп коюп тынч уктайт. Бул адатым азыркыга чейин бар. Өткөндө эле конокторду узатып коюп үйдү таңкы бешке чейин жыйнап туруп уктадык. Келиниме бир чети боорум ооруп кетти. Ошол эле учурда менин бул адатымды андан да көргүм келет.

-Кыздарыңыз тууралуу кыскача айтып кетсеңиз.
-Ортончу кызым милиция тармагы боюнча адис. Улуу кызым Дубайда иштейт.
Кыздарымды кичинесинен чоёктобой сүйлөгүлө деп урушчумун. Ошого жараша экөөнүн тең тарсылдаган мүнөздөрү бар.

-Жолдошуңуз тууралуу эч нерсе айткан жоксуз го? Балдарыңыз атасы менен катышабы?

-Балдарымдын атасы менен жыйырма жыл мурда эки башка жолго түшкөнбүз. Тагдыр экен. Ооба, балдарым атасы менен катышат. Атасы жакшы адам. Кайын журтум менен азыр деле сый мамиледемин.

БУЛАК: Леди.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу