Максат Довранов эми кимге үйлөнөт?

Алып баруучу Максат Довранов бир аз күн мурда Инстаграм баракчасына ак жоолукчан селки менен түшкөн сүрөтүн жүктөп окурмандарын бир топ дүрбөлөңгө салган. Алар “Максат үйлөндүбү?” деп кызуу талкууга алышкан болчу. Бирок мунун баарына чекит коеюн дегенби ким билет алып баруучу өзүнүн баракчасына төмөнкүдөй пост бөлдү.

“Мен үйлөнсөм же башка жаңылык болсо өзүм маалымдайм. Кечээтен бери куттуктоолор келип, жолуккан ар бир адам үйлөндүңбү десе, жакындарым тойго чакырбадың деп капа. Интернеттеги сүрөттөрдү биз клип тартуу учурунда түшкөнбүз.

Жакында Ильяз Кудретовдун жакшы бир ырына жаны клипти сунуштайбыз. Клипте Жибек аттуу карындашым менен жаш жубайлардын образын ойноп бердик. Бирок, чын жүрөгү менен сүйүнүп, кубануу менен кабыл алган жалпы күйөрмандарга ыраазычылык”, -деп күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу