Ырчы Сайкал Садыбакасованын жолдошу Максат Довранов өздүк баракчасы аркылуу жазылуучуларынын суроолоруна жооп берип, Instagram баракчасына бөлүштү. Көпчүлүк бөлүгү Максат мырзага бакыт каалап жазса, дагы кээ бири, «Сиз аябай сабырдуу мырзасыз»- деген сындуу суроо узаткан. Анда, алып баруучу мырза бул суроого төмөнкүчө жооп жазган: «Кээде көп нерсени айтып салайын дейм, бирок, кайра сабыр кылам»-дейт. Мындай жоопту эмнеге таянып айтып жатат дегендер да бар чыгаар. Андан сырткары, «Сайкал менен жашап жатасызбы?»-деген суроо да Максат мырзанын баракчасынан орун алган. Анда ал, «Жакында ушул суроолорго жооптор болот»-деп гана тим болду.
БУЛАК: argument.kg