Маевский Москвада камакка алынды

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишиндеги негизги күбө, орусиялык ишкер, Мамлекеттик Думанын экс-депутаты Леонид Маевский Москвада камакка алынды.

Маевский «бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган» деп айыпталып, 16-ноябрда Москвадагы Тверь райондук соту аны 2019-жылдын 14-январына чейин камакка алууну чечкенин “Интерфакс” жана башка маалымат агенттиктер жазып чыгышты.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу