Мадумаров Атамбаев менен биригүүгө даяр

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров жалпы кызыкчылык үчүн Алмазбек Атамбаев менен бирүгүүгө даяр. Бул тууралуу ал телеканалдардын бирине интервью берип жатып билдирди.

Мадумаров Баткенде орун алган чек ара маселеси боюнча аны каралоо атайылап уюштурулганын айтат. Ал бул боюнча туура эмес саясат жүргүзүлгөнүн кошумчалап, мүмкүнчүлүк болушунча бул бийликти кетирүүгө аракеттерди жасаш керек деди.

Жеке кызыкчылык үчүн эмес, бүтүндөй элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн болсо, даярмын деп айтып келе жатам. Менимче мынчалык даражадагы жаман ойдо кетип бараткан, өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн эки мамлекеттин ортосуна от таштаган бийликти токтотуу үчүн ким менен болсо да биригиш керек“,-деди Мадумаров.

Ал ошондой эле Атамбаевдин оппозицияга өтүп, парламенттик шайлоого барышын колдой турганын ачык айткан.

Эгерде ушундай баш аламандыкты токтотуу үчүн күрөшөм деген болсо, колдойм. Мен Атамбаевдин мүнөзүн жакшы билем, эртеби-кечпи ичиндеги абийри чыдатпай, кыргыз элинен кечирим сурайт деп айткам. Эгерде туура эмес кылган иштерин кайра оңдойм деген болсо, эмне үчүн кызматташканга болбосун. Максат бир болсо аны менен кызматташканга даярбыз“,-дейт Мадумаров.

Булак:Kalys media

Аргумент.kg
Жооп калтыруу