Мадумаров активдеше баштады…

«БYTYH КЫРГЫЗСТАН» партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров активдешип, күздөгү болчу саясий курөшкө биригүүчү альянстар менен сүйлөшүүлөрдө жүргүзө баштады. Мөөнөтүнөн мурда тарап кетүү мүмкүнчүлүгү күн сайын күчөп бараткан парламенттин акыркы кадамдарына абай салып отуруп, азыркы бийликке элдешкис жана радикал позицяга чыгуу планын карап жатат. Азырынча сырткы, ички күчтөр менен толук сүйлөшүп бүтүп калды. Абактагы Өмүрбек Текебаев менен жалпы жонунан сүйлөшүп, келечек күрөшкө чогуу аттанаары ачыкка чыгып, учурда түндүктүн салмагы оор саясатчылары менен консультация баштоо алдында. Ансыз да баш оору жетишип жатканда эми Мадумаров да бийлик үчүн ыңгайсыз фигурага айланмай болду.

БУЛАК: Ачык саясат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу