Мадеминов деген “вазелин” турбайбы…

Азырынча КСДП төрагасынын орун басары.парламентте депутат болуп олтурган Мурадыл Мадеминовдун абалга жараша жүзүн өзгөртүп сүйлөгөнүн көргөндөр таң калып жатышат. Бул өнөрдү катуу өздөштүрүптүр.

Баракелде деп кол чапкың гана келет да. Өткөндө Атамбаевдин жанында олтурганына жетине албай трибунага чыкканда Аксы окуясы тууралуу алты ооз сөз айтканга жарабай, Атамбаевди бир келген бакытка теңеп, «вазелин» сыяктуу кирип кетти го чиркин. «Атамбаевди сатпай жүргөнүмдүн себеби, Баткенде келиндер төрөтканага жетпей жолдо машинанын ичинде төрөп койчу. Таза суу жок элибиз кыйналган. Шарттын баарын Атамбаев салып берди» деп айтканын уккан партиялаш депутаттары жакасын кармап, тфу-тфу деп жибергендери да болуптур.

Анткени, буга чейин Мадеминов «КСДП өлдү. Баткенден бир дагы добуш ала албайсыңар. Мен бул партияда болбой эле коюшум керек. Ит болдук, абийирибиз айрандай эле төгүлдү» деп күпүлдөп жүргөн тура. КСДПга жалаң ушундай енөрү күчтөр чогулуп алган окшойт деп ойлойт экенсиң да айла жоктон.

Булак: Жаңы ОРДО

Аргумент.kg
Жооп калтыруу