Маданият министрлиги 2 миллион сомду сыйга сарптайт

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Өзбекстандын өкүлдөрүн тосуп алууга
2 миллион сомдон ашык каражат сарптайт. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуу порталында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, Октябрь айында Кыргызстанда Өзбекстандын маданият күндөрү өтөт. Ага өзбек кино
чеберлери, акын, жазуучулары, ырчы -бийчилери келери күтүлүүдө.

Чыгармачыл топ 5-7-октябрда Бишкекте болот. Ага министрлик 1,1 миллион сом чыгымдап жатат. 7-8-
октябрда Ошко кетишет. Ош шаарындагы тамак-ашы жана түнөгүнө −546,4 миң сом каралды. Андан
сырткары, Бишкектен Ошко учуп баруусуна дагы өзүнчө каражат бөлүнөт.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу