Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп Кайрат Иманалиев дайындалды

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп Иманалиев Кайрат Олжобаевич дайындалды. Өкмөттүн басма сөз кызматы тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун бүгүн, 15-январда билдирди.

Мындан ары министрликтеги маданият тармагын Кайрат Иманалиев жетектейт. Ал буга чейин КТРКнын башкы директорунун радио уктуруулар боюнча орун басары болуп эмгектенип келген.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу