Лукашенко Москвага эскертүү жасады

Беларустун президенти Александр Лукашенко Москва мунай баасына байланыштуу Минскиге кенемте төлөбөсө, «өз өнөктөшүнөн ажырап каларын» эскертти. Лукашенко мындай сөзүн 10-январда өкмөт өкүлдөрү менен жыйын өткөрүп жатып айтты.

Беларус узак убакыттан бери Орусиядан жеңилдетилген тартип менен мунай алуудан жана аны кайра экспортко чыгаруудан пайда таап келет. Орусия өз экономикасынын абалын эске алуу менен Беларуска берилген мунайдын баасын жогорулатууну көздөп жатат.

Расмий Минск Москванын мындай планынан Беларус алты жылда 11 миллиард доллардык кирешесинен айрылып каларын эскертип, Орусиядан компенсация талап кылууда.

Лукашенко 10-январдагы сөзүндө маселе оңунан чечилбесе, Беларус мунайды Балтика өлкөлөрүнөн алышы мүмкүндүгүн кыйытты.

— Муну катастрофа деп эсептөөнүн кажети жок. Орусиянын жетекчилиги бул жолду, Батыштагы жападан жалгыз өнөктөшүн жоготуп алуу жолун тандаса, тандасын. Бул алардын эрки. Биз аларды мажбурлай албайбыз да,- деди Лукашенко.

Ал Орусиянын кадамы Евразиялык экономикалык биримдик сыяктуу бир катар уюмдардын алкагында Беларус кол койгон макулдашуулардын маңызына каршы келерин кошумчалады.

Ошондой эле басма сөз каражаттарындагы Беларус менен Орусиянын дагы жакындашуусу тууралуу маалыматтарды четке кагып, «эки мамлекетти бириктирүү маселеси күн тартибинде жок» деп айтты. Расмий Москва Лукашенконун соңку сөздөрүнө жооп кайтара элек.

Беларус президенти 2018-жылдын соңунда орус президенти Владимир Путин менен эки жолу кездешкени менен мунай маселеси боюнча мунаса табыла элек.

Булак: Азаттык 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу