Лукашенко Жээнбековдун жеке сапаттарына жогору баа берди: «Ал өтө жакшы адам»

Минск шаарында Кыргызстандын Беларусиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев өлкө президенти Александр Лукашенко менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда саясий жана соода-экономикалык кызматташууну, анын ичинде кыргыз-беларусь соода-экономикалык өкмөттөр аралык комиссиянын кызматташуусун жандандыруу, айыл-чарба жана өнөр-жай тармагында ишканаларды куруу талкууланган.

Лукашенко «Беларусия жөн гана өнөктөш эмес, дос болуп кала берет» деп белгиледи.

«Беларусия менен Кыргызстандын ортосунда ынак мамилени сактай бермекчибиз. Сиздерден түшкөн ар бир өтүнүч, сунуш, эскертүү өкмөт жана мен тараптан дароо каралып чыгат. Биз аларды жоопсуз калтырбайбыз», — деди президент.

Ошондой эле, Лукашенко, Жээнбековдун жеке сапаттарына жогору баа берди: «Ал өтө жакшы адам. Кыйын учурда Кудай элге керек адамды жөнөтөт эмеспи. Мен ал адамдын тегерегинде чогулсаңар, сиздер көп нерсеге жете аласыңар деп үмүт кылам жана ишенем».

Ал эми Өмүралиев, Кыргызстан менен Беларусиянын мамлекет жана өкмөт башчыларынын жолугушуусу Евразиялык экономикалык комиссия, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун деңгээлиндеги эл аралык иш-чаралардын алкагында өтүп келгенин белгиледи. Маселен, ошондой иш-чаралардын бири — Шанхай кызматташтык уюмунун президенттеринин саммити ушул жылдын июнь айында Бишкекте өтөт.

Андан тышкары жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы гуманитардык кызматташтык боюнча пикир алышуу болду. Өмүралиев, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүүгө колдоо көрсөткөнү үчүн Беларусь тарапка ыраазычылык билдирди.

Ага кошумча, Минсктеги Айтматов атындагы паркка жазуучунун эстелигин орнотуу маселеси да талкууланып, Беларусь тарап аны колдоого алды.

Булак: Kabar.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу