Көңүл бургула! Көңүл бургула! “Argument.kg” сайты сиздер үчүн конкурс жарыялайт!

Биздин сынакка катышуунун бир гана шарты бар. Суроого жооп жазган адам 1990-жылдан кийинки төрөлгөндөр болушу зарыл. Мындай кароо сынактын эң негизги максаты биздин чыгармачыл топ,  Кыргызстандын  жаштарынын  кыргыз эстрадасын,  азыркы тил менен айтканда,  шоу- бизнестин мурдакы өкүлдөрүн кандай билээрин аныктоо үчүн ушул сынак уюштурулуп жатат.  Биздин суроого так, туура жана өз убагында жооп бергендерге баалуу белектерибиз бар. Андан сырткары биздин сайттын журналисттери жеңүүчүлөрдөн интервью алышат, ал интервью  “Argument.kg”де  сүрөтү менен жарыяланат.

Эмесе биздин суроолорубузга көңүл буруңуздар:

  • 1965-жылдан, 1980-жылга чейинки 10 атактуу обончунун аты-жөнүн, 3төн кем эмес чыгармасын атаңыз.
  • Ушул эле жылдардагы Кыргыз элине атагы аябай чыгып турган 10 ырчы, аткаруучунун аты-жөнүн жана ал аткарган 3төн кем эмес чыгармасын жазыңыз.
  •  Ушул эле жылдардагы атактуу эстрадалык ырларын,  сөзүн жазган акындардын аты-жөнүн атап, жана 3төн кем эмес чыгармасын жазышыңыз керек.

 

Урматтуу жаштар! Сиздердин интелектуалдык билимиңиздерге ишенебиз. Кыргыз эстрадасынын тарыхын тактап чыгууга салым кошо алат деген үмүтүбүз бар.

Эмесе чамдаңыздар, сынак 17-сентябрдан, 25-сентябрга чейин уланат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу