Көңүлдөш болуудан тажадым!

«Психолог менен баарлашуу» рубрикасынын бул жолку чыгарылышында өз жолун таба албай жүргөн аялдын катын жарыялайбыз.

Саламатсыздарбы, мен сиздерге кеңеш алуу үчүн кайрылып жатам. Анткени бир чечимге келе албай убарамын. Эки жыл мурун үй-бүлөлүү киши менен мамиле куруп баштагам. Анын көңүлдөшү болуу мен үчүн нормалдуу эле нерсе болчу. Бирок жакын адамдарым токол болуу кемсинүү экенин айтып, «үй-бүлөсүн таштатууга аракет жаса» дешти. Бирок башында сүйүктүүмө анын үй-бүлөсүнө «кийлигишпейм» деп сөз берип алгам. Чогуу болгон учурда балдары, аялы тууралуу такыр сөз кылбайбыз. Бирок акыркы кезде убактымды текке кетирип жаткандай сезиле баштады. Башкалар менен да мамиле кура албайм. Анткени ал мени каражат менен камсыздайт, мен болсо көзүнө чөп салбайм деп сүйлөшкөнбүз. Бирок мага жумасына бир эле ирет жолукканыбыз аздык кылууда.

Жакында аны менен бардыгын ачык сүйлөшүп, өзүмдүн кооптонууларым жана мамилебизди мыйзамдаштыруу тууралуу сүйлөштүм. Чындыгында жинденип көп нерселерди айтат го деп ойлогом. Бирок ал сабырдуулугун көрөсөтүп, жубайы болуу кыялымды сезгендей болду, бирок балдары үчүн тынчсызданып жатат.

Ошондон бери менин жана анын жашоосун толук өзгөртсөмбү, бирге түтүн булатсакпы деп ойлоно баштадым. Экинчи тарабынан коркуп жатам. Аялынын ордуна мени тапкандай эле дене-боюм өзгөргөндө мени дагы таштап башканы таап алабы деп кооптоном.

Эмне кыларымды билбей калдым, кеңеш бериңиздер.

Ильдар Акбутин, психолог:

Албетте, бир дагы аял өзүнүн сүйүктүү адамына көңүлдөш болууну каалабайт. Сиз «мен анын жубайынан жаш жана сулуумун. Ошол үчүн мени тандады» деп ойлойт экенсиз. Бирок ошол эле учурда «менин дагы көзүмө чөп салсачы» деп санаа тартып жатасыз.

Экөөңөр мамилеңерди ачыктап баш кошкон күндө дагы сиз аны «солго» баспай атабы деп шек санай бере турган болосуз. Анткени өзүңүз анын жашоосунда дал ушундай жол менен пайда болгонсуз. Экинчиден, азыркы жубайынан балдары болгондон кийин сиз менен жашап атып деле аларга барып, каралаша берет. Дегеним, азыркы үй-бүлөсү анын жашоосунан баш-оту менен эч качан жок болуп кетпейт. Сиз ушул нерсеге даярсызбы?

Дагы бир өтө маанилүү нерсе — бир эле эркек көңүлдөштүн ролунда башка, күйөөнүн ролунда башка адам болорун эске алышыңыз керек. Азыр сиз аны менен анда-санда кезигип, ошол сааттар майрамдай сезилет. Ал эми көртирлик — бул таптакыр башка нерсе, бири-бириңердин кемчиликтериңерди жакындан көрө баштайсыңар.

Акырында эмне үчүн сизди үй-бүлөлүү эркек кызыктырып жатканына акыл калчап көрүңүз. Балким мурда бирөөдөн көңүл калып, азыр бир жигиттин мыйзамдуу, жашоосундагы жалгыз аялы болуудан чочулап жаткандырсыз. Балким башы башка аялга байланган эркексиз деле өз алдыңызча жаңы жашоо баштоого алыңыз жететтир.

Мындай кеңештерден кийин дагы чечим кабыл ала албасаңыз, психолог менен көзмө-көз кезигип сүйлөшүп көрүңүз.

Булак: «Спутник»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу