Көрө албастыктын да чеги болот, «ИЧИҢ КҮЙСӨ ТУЗ ЖАЛА» дечи беле?

Жалал-Абад облусунун жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиевди каралаган материалдар сайттарга, гезиттерге көп чыгып жатат. Фейсбуктан дагы атайын максаттуу жамандаган “фэйктерди” байкап калчумун. Кызыгы ал менин жакын тааныштарымдын группалашы экен, Кыянбек Сатыбалдиев тууралуу көп нерселерди айтып берди. Кээде, иштеп аткан, иштөөгө аракети жакшы кадрларды дагы ашыкча каралап, алардын иштөөгө болгон эргүүсүн талкалап салмайыбыз бар. Бир мисал айтайын. Убагында Мелис Мырзакматов Ош шаарына шаар башчы болуп барганды эстеӊиздерчи. Ошондо дагы “Ой мунуӊар соодагер экен, терек сатып байыган имиш. Ушул базарчынын колунан эмне келмек?!..”,-деп ары карап “чыйт” түкүрүп сындагандар болгон. Кийин Мырзакматовдон кандай жетекчи, кандай саясатчы чыкты? Муну айтып жатканымдын дагы себеби бар. Быйыл 2017-жылдын жыйынтыгы менен ошол мурда самса сатып жүргөн Кыянбек Сатыбалдиев жетектеген Жалал-Абад облусу экономикалык-социалдык абалы жакшы жакка өзгөрүүсү боюнча Кыргызстандагы облустар ичинен алдыӊкы 2-орунга чыгыптыр. Социалдык-спорттук обьектилер, таза суу чыгаруу, жол курулуштары ж.б көптөгөн жумуштар аткарылыптыр.
Мурда самса сатса эмне экен? Адал эмгек, маӊдай тер менен табылган оокат. Мамлекетти уурдап, эл байлыгын сатып, арам менен бутуна турган канча чиновниктер жүрөт? Самса менен терек саткандан уялбаш керек же ал үчүн мазактоого алган наадандык. Балким, Кыянбек Сатыбалдиевдин орду кимдир бирөөгө керек болуп жаткандыр. Колундагы гезит-сайттар менен каралап, эптеп иштен кетирип, анан ордуна баралы деген максаттары бар адамдардын аракетидир. Болбосо, “дипломун сатып алган миш, самса саткан миш” деп 2 айдан бери жаздыра берип чарчабай коюшту. Дипломун сатып алганы чын болсо, прокуратурага текшертип, жазага тартыш керек. Ажылдай бергенде эмне? Самса сатканбы же ышкын үзүп сатканбы, облусту алдыга жетелесе болду да!..

Дайырбек Орунбеков, журналист.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу