Көк бөрү: Талас командасы коло байге алды

Көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионатынын коло байгесине Талас облусунун командасы ээ болду.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматына кабарлагандай 3-орун үчүн Талас менен Ош облусунун командасы беттешип, 5:0 эсебинде таластык көкбөрүчүлөр жеңишке жетти.

Оюн бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарындагы «Төлөйкөн» ат майданында өттү.

Алдыда чемпиондук наам үчүн Ысык-Көл жана Чүй облусунун командасы ойнойт. Беттеш саат 14:00 башталат. Көкбөрү боюнча өлкө чемпионаты 29-октябрда башталган. Ага Кыргызстандын аймактарынан тогуз команда катышты.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу