Көк бөрү: Кыргызстан Өзбекстанды 11:2 эсебинде жеңди

Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курама командасы Астанада өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунда Өзбекстанды жеңип алды. Катары менен экинчи жолу жеңишти багындырган кыргызстандыктар алгачкы бөлүктү 4:0 эсебинде артыкчылык менен жыйынтыктады. Экинчи бөлүк 11:2 эсебинде жыйынтыкталып, анын жыйынтыгында Кыргызстан “А” тайпасында биринчиликти камсыздай алды.

21-августта кыргыз курамасы аталган мелдештин алкагындагы алгачкы беттешин Моңголия менен өткөрүп, 4:0 эсебинде жеңишке жеткен.

23-августта Кыргызстан тайпалык турдун 3-оюнунда Түркияга каршы ойнойт.

Эске сала кетсек, көкпар (көк бөрүнүн казак варианты) боюнча дүйнөлүк чемпионат Казакстандын Астана шаарында өтүүдө. Ага жалпысынан 12 мамлекеттин курамалары катышууда.

Булак: maralfm.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу