Көкбөрү федерациясына жаңы жетекчи шайланды

Жаңы президент федерациянын 27-февралда өткөн кезексиз курултайында шайланды. Искендер Кадыркуловду Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын президенти кылып шайлоого курултай делегаттарынын басымдуу бөлүгү добуш берди.

Бирок федерациянын жетекчиси Жыргалбек Саматов шайлоо мыйзамсыз болгонун, ал курултай туурасында түндө гана маалымат алганын айтты. Саматов мыйзамдуу курултай болуп, ошондо шайланган жаңы жетекчиге гана федерация башчылыгын өткөрүп берерин билдирип, курултайды таштап чыгып кетти.

Ошондой эле Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынан келген улакчылар да «курултайга делегаттарды чакырууда квоталар туура эмес бөлүшүлгөн» деп нааразы болушту. Алар да курултайдан чыгып кетишти.

Курултайдын башка делегаттары жаңы шайланган жетекчи Искендер Кадыркуловду көпчүлүк добуш менен шайланган, легитимдүү президент катары кабыл алышты.

Искендер Кадыркулов — УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун бир тууганы.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу