Көзүңүздүн көрүүсү жакшы болуусун кааласаңыз, анда…

Илимпоздордун айтымында, дени сак көз бизге айлана-чөйрөнү таанууга жардам берет. Бул эле эмес, адистер жашоодогу маалыматтын 70%ын адам көрүү органы аркылуу кабыл аларын да далилдешкен. Ал эми көрүү жана көрүү процессинин жакшы жүрүүсү үчүн жашылча жана жер-жемиштердин өзгөчө пайдалуу экенин аныкташкан. Ашкабак. Ашкабак дагы составында каротин көп кездешкен жашылча экени белгилүү. Таасири күчтүүрөөк болсун үчүн аны тамакка ченемсиз кошуп жей берсе болот. Мисалы: ашкабакты пюре, шорпо, салат катары даярдап кабыл алуу натыйжалуураак келет. Тамактануудан кийин абрикостун ширесин ичип коюу ашыктык кылбайт. Кызыл кызылча. Кызыл кызылчанын курамында көз үчүн пайдалуу болгон цинк элементи бар. Ошон үчүн бул дагы көздүн көрүүсү үчүн жакшы азык болуп саналат. Аталган жашылчаны сүйбөсөңүз, ашкабактын чемичкесин чаксаңыз болот. Андан сырткары, кызылчадан салат жасап, ага болгар калемпирин, сабиз, цитрус жемиштеринин ширесин жана оливка майын кошуп жеген натыйжалуу. Сабиз. Бул жашылчанын курамы каротинге абдан бай келет. Ошон үчүн сабиз көрүүнү жакшыртуучу жана «күүгүм сокуру» (куриная слепота) оорусун айыктыруучу дараметке ээ. Каротин организмге жакшы сиңиши жана таасирдүү болушу үчүн жаңы сабизди туурап, суу май же каймакмай менен аралаштырып жеген жакшы. Сабизден жасалган шире суусундугу да абдан пайдалуу. Ит мурун. Ит мурун С витаминин камтыган, деги эле витамнге бай өсүмдүктөрдүн лидери. Ошон үчүн аны күн сайын демделген чай катары ичсеңиз, сиз көзүңүздүн кан тамырларын бекемдеген болосуз. Ошон үчүн ит мурун чайы менен кара карагаттын киселин айкалыштырып ичүүнү адатка айлантып алыңыз. Анткени, кара карагатта дагы дени сак көз үчүн өзгөчө пайда берүүчү каражаттар бар. Петрушка. Кадимки эле петрушканын ширесин сыгып ичип туруу көрүү нерви жана көз менен байланыштуу ооруларды жоёт. Себеби, курамы пайдалуу азыктарга бай аталган чөп көрүүнү курчутуучу жана кан тамырларды бекемдөөчү сапатка ээ. Петрушка күчтүү каражат болгон үчүн муну күнүнө бир аш кашыктан гана 3-4 жолу ичип туруу жетиштүү. Балык. Лосось сыяктуу кызыл жана майлуу балык көрүү системасынын начарлашынан сактоочу алмашкыс азык болуп эсептелет. Себеби, бул жандыкта көрүүнү бекемдөөчү Омега-3 майлуу кислотасы бар. Андыктан, жумасына бир порциядан бир же эки жолу майлуу кызыл балыкты жеп туруу талапка ылайык. Лимон жана апельсин. Мындай цитрус жемиштерин жумасына бирден сөзсүз жеп туруу ден-соолукка пайдалуу. Ал эми жумасына бир жолу эки же үч цитрус жемишин жеген көрүүнүн бузулуусунун алдын алат. Бул көздү жакшы сактоо үчүн жетиштүү. Эгер лимонду жей албасаңыз, чайга кошуп ичип, ал эми апельсинди жакшы көрбөсөңүз, грейпфрут менен алмаштырсаңыз болот.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу