Көздөгү боёкту узак сактоонун 3 сыры.

Азыр баардык кыздар күнү бою мейкап менен жүрүшөт. Ал өңүңүздүн чарчаганын жаап жашырат эмеспи. Бирок көпчүлүк таңдан кечке чейин мейкап бир калпта сакталбайт деп айтып калышат. Анткени көздүн боёгу баштапкы калпында сакталбайт.

Ал эми аны кандай сактоо керек десеңиз төмөндөгү үч эрежени колдонуп көрүңүз:

1.Алгач кабактын териси таза болуш керек. Бетке кремдерди сүйкөп бүткөндөн кийин, кабакты кургак вата менен сүртүп, тазалап алуу кажет. Анткени теринин майлуулугу тегиз боёгу тоскоолдук тийгизет. Тень сүйкөгөндөн мурда атайы праймер колдонгонуңуз оң. Праймер — макияж алдына колдоого арналган база. Ал теринин тегиз болуусун камсыз кылат, натыйжасында кооз макияж чыгат.

2. Кемчиликсиз боёктун дагы бир сыры калемде (кисточки). Тартип боюнча сизде эки түрдүү калем болуш керек, анын бири жалпак болгон калем. Аны менен теньди кабакка сүйкөйсүз. Ал эми экинчиси үлпүлдөк болгон калем менен боёк үстүнөн терини таза боёйсуз. Макияждын жакшы чыгуусуна калемдер менен бирге эле теньдер да өтө маанилүү. Ошондуктан текшерүүдөн өткөн сапаты жакшысынан сатып алыңыз.

3. Жакшы макияж үчүн акыркы кадам — фиксация. Ал үчүн сизге упа кажет. Бул ыкма өтө оңой, упа сүйкөөгө арналган көлөмдүү калемдин жардамы менен упанын аз өлчөмүн кабакка сүйкөйсүз. Бул ыкма эриндеги помаданын да узак сакталуусуна жардам берерин эскерте кетмекчибиз.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу