Көздүн жакшы көрүүсүнө «Алоэ» дарыбы? Кантип?

Алоэ биринчи жолу Африкада табылган. Анын дарылык касиеттери көп. Жаратылышта 200дөй алоэнин түрү кездешет. Анын жалбырагынан эки продукт алышат шире жана гель. Ширеси жана гели медицинада кеңири таралган. Алоэнин ширеси медь, калий, натрий, сера, фосфор, хлор, бром сыяктуу заттардан турат. Анын жардамы иммунитетти көтөрүүгө, канды тазалоого, нерв системаларын жакшыртууга, көз ооруларынан айыгууга, жаракаттардын тез бүтүшүнө  эбегейсиз чоң жардамын тийгизет. Бирок, онкологиялык оорулар менен жабыркагандарга алоэ ширесин ичүү сунушталбайт. Ал эми боюнда бардык айымдар үчүн доктурдурдун козомолундо болуу менен гана колдонуу сунушталат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу