Күпүлдөгөн Кожокенин «кадыр-баркы» 300 миң сомго бааланды, эй!

Саткынчылык жагынан алдына киши салдырбаган бети калың Кожобек Рысбаев кадырыма доо кетти деген доомат менен «Ачык саясат» гезитин сотко бергенин уккан жайыбыз бар. Алкымы кең депутат ар бир соттук отурумда арызын өзгөртүп, моралдык сумманы 300 миңден  1 миллион сомго чейин көтөргөнү айтылган. 24-майда Октябрь райондук соту «Ачык саясат» гезитин 300 миң сом айыпка жыгып, биздин өлкөдөгү эң ири жетишкендиктин бири катары саналган сөз эркиндигине доо кетирди.

Эгер мындай диктаторлук кадам тизгинделбей, сотторду сатып алган көпөстөрдүн кутурушуна шарт түзүлө турган болсо бир жылдын ичинде эркин ММКларды таппай калабыз. Мунун аягы жакшы бүтпөйт.

БУЛАК: Мантыш

Аргумент.kg
Жооп калтыруу