Күндөн кантип коргонуу боюнча кеңештер

Эң эле алгачкылардан болуп күндөн коргонуучу кремдер сизге жардамга келет. Ал үчүн жайкы учурда аларды колдонуудан өзүңүздөн аянбаңыз.

Ар дайым күндөн коргонууга даяр болуңуз

Күн бүркөк же күн ысык болобу, өзүңүздү күндөн коргоо үчүн күндүзгү “SPF” кремин колдонуңуз. Күн бүркөк болгон учуруда, зыяндуу ультрофиолет заттар бөлүнүп чыгып, тери ооруларына жана анын бат картаюсуна себеп болот.

Дарыгер менен кеңешиңиз

Эгерде сиз жогорку кан басымга, горманалдык жана антибиотикалык дарыларды колдонуп жатсаңыз, дал ошолор дененин күн нуруна күйүү коркунучун көбөйтөт. Эс алууга абдан ысык тарапка кетип жатсаңыз, ага карабай төмөндөгү таблеткаларды колдонуп жатсаңыз, анда сөзсүз “SPF 30” кремин колдонуңуз.

Күнгө күйгөн күйүктү туура дарылоо

Күнгө күйүп калган күйүктү туура дарылоо үчүн, алгач эле муздак душ алып, ошол жерге муздак компресс жасоо керек. Муз койгондон качыңыз, анткени күйүп калган терини ал кайрадан күчөтүп жибериши мүмкүн.

Күйгөн терини бат айыктыруучу жана сезгенүүгө каршы препараттарды колдонуңуз

Присыпка, мазь жана крем колдонуудан алыс болуңуз. Күйгөн жерге дароо спирт жана духи колдонгон дагы туура эмес. Анын ордуна спрейлерди колдонуңуз.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу